Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-июлу № 297-б
2013-жылдын сентябрында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин 13-отурумун өткөрүүгө даярдык көрүүнүн алкагында Бишкек шаарынын мамлекеттик, муниципалдык, коомдук имараттарын жана курулмаларын тышкы жарыктандырууну жакшыртуу максатында:
1. Бул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн тизмекке ылайык имараттардын жана курулмалардын фасаддарына жарыктандыруу приборлорун орнотуу жолу менен Бишкек шаарын кошумча тышкы жарыктандырууну ишке ашыруу максатка ылайык деп эсептелсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкек шаарын тышкы жарыктандыруу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө тапшырыкчы болуп аныкталсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы "Түндүкэлектр" ачык акционердик коому менен биргелешип 2013-жылдын 27-июлуна чейинки мөөнөттө:
- тышкы жарыктандыруу боюнча жумуштарды аткарууга жана жарыктандыруу жабдууларын сатып алууга байланышкан эсептөөлөрдү жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;
- тышкы жарыктандыруу максаттары үчүн электр энергиясын керектөөнүн кошумча көлөмүн аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Бишкек шаарын тышкы жарыктандыруу үчүн зарыл болгон электр энергиясынын кошумча көлөмүн карасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоо жөнүндө" токтому менен белгилеген керектөө лимитине түзөтүү киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылдын 30-июлуна чейин берилген эсептерге ылайык акча каражатын бөлүп берсин жана электр энергиясынын зарыл көлөмүн камсыз кылуу үчүн бюджеттик уюмдардын каржылоолоруна түзөтүү киргизсин.
6. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы:
- бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн менчик имараттардын ээлери менен жарыктандыруу жабдууларын орнотуу жана жумуштарды жүргүзүү жөнүндө маселе боюнча консультацияларды жүргүзсүн;
- Тизмекте көрсөтүлгөн жумуштарды 2013-жылдын 25-августуна чейин аяктасын жана эксплуатациялоочу уюмдарга өткөрүп берсин.
7. Карамагында административдик, коомдук имараттар жана курулмалар турган министрликтер менен ведомстволор 2013-жылдын сентябрында Шанхай кызматташтык уюмуна, мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин 13-отуруму өткөндөн кийин объекттердин тышкы жарыктандырууларын андан ары күтүүнү жана эксплуатациялоону алдын ала карашсын.
8. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Түндүкэлектр" ачык акционердик коому менен бирдикте бул буйруктан келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
9. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр-жай, отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июлундагы № 297 буйругуна тиркеме |
№ | Уюмдардын аталышы | Долбоор боюнча тышкы жарыктандыруунун болжолдуу баасы (миң сом) | Жабдууларды орнотуу (даана) |
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имараты | 500,0 | 10 прожектор |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн имараты | 690,0 | 41 прожектор |
3 | Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясынын имараты | 250,0 | 12 прожектор |
4 | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имараты | 110,642 | 8 прожектор |
5 | Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драмтеатрынын имараты | 360,0 | 21 прожектор |
6 | Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драмтеатрынын имараты | 260,0 | 13 прожектор |
7 | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын имараты | 360,0 | 18 прожектор |
8 | К.Көлбаев атындагы Бишкек автожол техникумунун имараты | 230,0 | 11 прожектор |
9 | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты | 280,0 | 13 прожектор |
10 | Борбордук Азиядагы Америка университетинин имараты | 650,0 | 36 прожектор |
11 | К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин имараты | 350,0 | 17 прожектор |
12 | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин академик Ү.Асаналиев атындагы тоо-кен иши жана тоо-кен технологиясы институтунун имараты | 200,0 | 8 прожектор |
13 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин имараты | 280,0 | 13 прожектор |
14 | Бишкек шаарынын Никеге туруу Сарайынын имараты | 230,0 | 11 прожектор |
15 | Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын имараты | 100,0 | 5 прожектор |
16 | "Манас" кинотеатрынын имараты | 180,0 | 7 прожектор |
17 | Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын имараты | 350,0 | 20 прожектор |
18 | Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун имараты | 350,0 | 20 прожектор |
19 | Кыргызстандын Эл аралык университетинин имараты | 330,0 | 18 прожектор |
20 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын имараты | 380,0 | 22 прожектор |
21 | Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын имараты | 200,0 | 8 прожектор |
22 | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин имараты | 350,0 | 17 прожектор |
23 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын имараты | 360,0 | 18 прожектор |
24 | "Залкар Банк" ачык акционердик коомунун филиалынын имараты, Турусбеков көчөсү, 47 | 390,0 | 23 прожектор |
25 | Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин имараты | 350,0 | 17 прожектор |
26 | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун имараты | 250,0 | 12 прожектор |
27 | Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын имараты | 220,0 | 10 прожектор |
28 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын имараты | 250,0 | 14 прожектор |
29 | Кыргызстан профсоюздар федерациясынын имараты | 310,0 | 15 прожектор |
30 | "Ала-Тоо" борбордук аянтындагы "Айкөл Манас" эстелиги | 300,0 | 3 прожектор |
31 | "Ала-Тоо" борбордук аянтындагы асаба | 300,0 | 4 прожектор |
32 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин имараты (Агроөнөржай), Киев көчөсү, 96 | 280,0 | 13 прожектор |
| Жыйынтыгы: | 10000,642 | 466 прожектор |