Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 26-июлу № 303-б
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси Таштанбек Акматовдун 75 жылдык мааракесине арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы өкүлчүлүктөрү менен бирдикте 2013-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө мааракелик иш-чараларга даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 303-б буйругуна тиркеме |
Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Узакбаев Чынгысбек Макишевич | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Турсунбеков Чыныбай Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "КСДП" депутаттык фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Исаков Эсенгул Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Самаков Карганбек Садыкович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Узакбаев Талант Макишевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Суранчиев Абдулда Шергазиевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Сагинбаева Динара Зарлыковна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Осмоналиев Самир Кушайынович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Керимов Памир Насыранбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Койлубаев Абабакир Койлубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти; |
Рыспаев Бакыт Келгенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Рысалиев Молдобек Рысалиевич | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (макулдашуу боюнча); |
Арабаев Калыбек Арабаевич | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Абдырахман уулу Шайырбек | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" - "Коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясынын башкы директору; |
Орунбеков Бакытбек Орунбекович | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Осмонов Манас Орозбаевич | - | "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору. |