Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 26-июлу № 305-б
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан 2005-жылы кабыл алынган эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин талаптарына ылайык келүүсүн талдоо максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ бул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2013-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин талаптарына ылайык келүүсүн талдоого алсын жана иштин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 305-б буйругуна тиркеме |
Чойбеков Кубанычбек Насыбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Мамырбаев Канай Абдыракунович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын техникалык регламенттер жана стандарттар боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары; |
Жапарова Айгүл Кулубековна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар борборунун бактериологиялык лабораториясынын башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Абдиев Азиз Сапарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун кеңешчиси; |
Аксенов Владимир Владимирович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин учуулардын коопсуздугун инспекциялоо боюнча башкармалыгынын инспектору; |
Балтиева Виктория Герадиевна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-маалыматтык технологиялар башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Бариева Айзада Жантаевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык стратегия жана саясат башкармалыгынын башкы адиси; |
Бектурдиев Кубанычбек Беделбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы; |
Дыйканбаева Гүлсүн Нарынбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнү пландоону башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Жумабаева Индира Турганбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык секторунун башкы адиси; |
Жумашева Айнура Батманкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун начальниги; |
Исакова Ирэна Мекеновна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ченемдөө жана техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы; |
Мамбетова Диана Дөлөткелдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Омокеева Гүлнура Шаиковна | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын бажы жол-жоболорунун методологиясы башкармалыгынын башкы инспектору; |
Оторбаева Динара Саттаровна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башкы адиси; |
Туманов Владимир Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик-медициналык башкармалыгынын башкы адиси; |
Чекирова Чолпон Абышевна | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси. |