Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-июлу № 312-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 279-б буйругуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өнөр жай, соода жана ишкердик министрлиги жана "Кыргыз Петролеум Компани", "Кыргызнефть" өнөр жай ассоциациясы жана Франс Гидрокарбонс Лимитеддин ортосунда түзүлгөн 1995-жылдын 20-декабрындагы Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорунда:
- экинчи абзацында:
"Кыргызнефтегаз" деп аталган" сөздөрдөн кийин ", "ПЕТРОКЫРГЫЗСТАН" ишканасынын үлүшүнүн ээси болуп эсептелген, ал өз кезегинде Франс Гидрокарбонс Лимитеддин ээси болуп саналган" деген сөздөр менен толукталсын;
"жана ДЖЕРСИ мыйзамдарына ылайык түзүлгөн "ПЕТРОКЫРГЫЗСТАН" ишканасы" деген сөздөр алып салынсын;
- Протоколдун долбооруна кол коюу бөлүгүндө "Петро Кыргызстан" ишканасынын атынан" позициясы алып салынсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |