Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-июлу № 313-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Эл аралык архивдер кеңешинин Евроазиялык региондук бөлүмүнүн 14-жалпы конференциясына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин Архив кызматтарынын жетекчилеринин Консультациялык кеңешине ийгиликтүү даярдык көрүү жана өткөрүлүшүн камсыздоо максатында, маданий жана илимий байланыштарды кеңейтүүдө жана дүйнөлүк архив жамаатына интеграциялоодо бул иш-чаранын маанилүү экендигин, ошондой эле республикадагы архив ишин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алып:
1. Эл аралык архивдер кеңешинин Евроазиялык региондук бөлүмүнүн 14-жалпы конференциясынын жана КМШга катышкан мамлекеттердин Архив кызматтарынын жетекчилеринин Консультациялык кеңешинин алкактарында иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир апталык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен бирдикте Эл аралык архивдер кеңешинин Евроазиялык региондук бөлүмүнүн 14-жалпы конференциясын жана КМШга катышкан мамлекеттердин Архив кызматтарынын жетекчилеринин Консультациялык кеңешин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иш-чараларынын планын иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген бюджеттин чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине аталган иш-чараларды өткөрүү үчүн керектүү финансылык каражат бөлүүнү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине бул эл аралык иш-чараларды уюштурууга керектүү саясий-дипломатиялык көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Эл аралык конференциянын катышуучуларынын коопсуздугун сактоону жана делегацияларды берилген маршруттар боюнча коштоп жүрүүнү камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине бул иш-чараны өткөрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 313-б буйругуна тиркеме |
Сарпашев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Убалиев Э.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Мамбетакунов Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкаруучусунун биринчи орун басары; |
Жунушалиев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Кайыкова Р.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Ахмедов О.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору; |
Алыбаев А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директорунун орун басары. |