Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-августу № 319-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 токтому менен бекитилген 2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын кайрадан кароо максатында, мамлекеттик органдардын системасында функционалдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 токтому менен бекитилген 2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын кайрадан кароо боюнча сунушту инвентаризациялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 "2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна оңдоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизсин, ал эми зарыл учурда - анын жаңы редакциясын берсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарылдыгына жараша белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 319-б буйругуна тиркеме |
Мамидинова Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Панкратов О.М. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Аданбаев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын начальниги; |
Дүйшөнбиева А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги; |
Раисова Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ченемдик-техникалык иштер бөлүмүнүн начальниги; |
Гильфанов И.В. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Мамырбаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык регламент жана стандарт боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Махмутов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өнөр жай коопсуздугу жана кенди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Сманкулов З.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын фитосанитардык көзөмөл башкармалыгынын бөлүм башчысы; |
Искембаева М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын бөлүм башчысы; |
Абдыласова Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экологиялык экспертизалар жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Сарыева Г.А. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин ченемдештирүү жана техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн санитардык врачы; |
Раимов У.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык стратегия жана саясат башкармалыгынын башкы адиси; |
Иманалиев Т.У. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Өмүрбаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын жетектөөчү адиси. |