Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-августу № 321-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоону камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- Кытай Эл Республикасынын Кытай Улуттук Нефти газ Корпорациясына (CNPC) караштуу "Trans-Asia Gas Pipeline Company Limited" компаниясы менен бирдикте 2013-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыксын;
- Макулдашуунун долбоорун 2013-жылдын 30-августуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин жана ведомстволордун, энергетика компанияларынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы № 321-б буйругуна тиркеме |
Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Кутманов Нурболот Осмонович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Ибраев Келдибек | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Алимбеков Давлетбек Каарыевич | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Абдиев Бахтияр Мамадиярович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын башкы директору. |