Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-августу № 328-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 424-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча "Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Спорт оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети курорттук-рекреациялык мекемелердин арыздарын кароонун жыйынтыгы боюнча жыл сайын аймагында Спорт оюндары өтө турган курорттук-рекреациялык мекемени аныктасын.";
- Спорт оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кызмат орундары боюнча түзүлүүчү курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-августундагы № 328-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).".