Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 19-августу № 332-б
Москва Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитражда (Москва шаары, Россия Федерациясы) "О.К.К.В." жоопкерчилиги чектелген коому менен арбитраждык текшерүүнү соттон тышкары жөнгө салуу маселеси боюнча жарашуу келишиминин шарттарын аныктоо жана анын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү андан ары жүргүзүү максатында:
1. "О.К.К.В." жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2013-жылдын 20-августуна чейинки мөөнөттө "О.К.К.В." жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн, жыйынтыгы боюнча жарашуу келишиминин шартын иштеп чыксын жана андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашылган сунушту киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жумушчу топтун ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) жогоруда аталган жумушчу топтун ишине зарыл болгон көмөк көрсөтсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун суроо-талабы боюнча тийиштүү маалымат беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 332-б буйругуна тиркеме |
Мукашев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун юридикалык башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Исабеков Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Бекташов Т.И. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзамга негизделген актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси; |
Худайбергенов С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин атташеси; |
Жусупбекова Ч.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Укуктук колдоо башкармалыгынын сот органдары менен иштөө боюнча секторунун башкы адиси. |