Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-августу № 339-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Кытай Эл Республикасынын Сапатты көзөмөлдөө, инспекциялоо жана карантин боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы өсүмдүктөрдү инспекциялоо жана карантин чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекиия жана Кытай Эл Республикасынын Сапатты көзөмөлдөө, инспекциялоо жана карантин боюнча башкы башкармалыгы өсүмдүктөрдүн карантипи (фитосанитария) жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин көтөрүү, бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына зыяндуу карантиндик организмдерди интродукциялоону жана аларды жайылтууну болтурбоо, Кыргыз Республикасында жана Кытай Эл Республикасында өсүмдүктөрдүн продукцияларын жана өсүмдүк ресурстарын коргоо максатында, экономикалык өнүктүрүүгө жана техникалык алмашууга көмөк көрсөтүүнүн зарылдыгын эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Жалпы жоболор
Тараптар өсүмдүктөрдү инспекциялоо жана карантин жаатында (фитосанитария) эки тараптуу кызматташтыкты ишке ашырышат жана өнүктүрүшөт. Бул Меморандумду аткаруу Тараптардын колдонуудагы мыйзамдарына, карантиндик (фитосанитариялык) жана администрациялык жоболорго, карантиндик (фитосанитариялык) контроль эрежелерине ылайык ишке ашырылууга тийиш.
2-берене. Кызматташтыктын мазмуну жана методдору
Тараптар төмөнкүлөр боюнча кызматташууга даярдыктарын билдиришти:
- Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эл аралык конвенциянын (KӨKЭK)/International Plant Protection Convention (IPPC), Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун жана Дүйнөлүк соода уюмунун Санитардык жана фитосанитариялык чараларын колдонуу боюнча макулдашуунун эрежелерин жана принциптерин көңүлгө алып;
- өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактарында карантиндик объекттер (карантиндик зыяндуу организмдер) табылган жана таралган учурлары жөнүндө бири-бирине өз убагында маалымдоо;
- Тараптардын мамлекеттерине өз мамлекеттеринде кабыл алынган Карантиндик объекттердин тизмеси жөнүндө өз убагында билдирүү;
- өз мамлекеттеринин аймагында карантиндик объекттерди аныктоо жана жайылтууга жана карантиндик жүктү ташууга байланышкан өткөн жыл үчүн статистикалык маалыматтарды жыл сайын алмашуу;
- биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, өсүмдүктөрдү инспекциялоо жана карантинди камсыздоо жаатында бири-бирине илимий, методикалык жана техникалык жардам көрсөтүү;
- эки мамлекеттин алкагында өсүмдүктөрдүн карантини жана кабарлоонун маалыматтык тутумун түзүү жаатында байланыштарды чыңдоо;
- зарылчылык болгондо же Тараптар талап кылса экспортер-өлкөнүн аймагында өндүрүштүн бош орундарын жана өндүрүштүн бош участкаларын белгилөө үчүн биргелешкен карантиндик текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- бардык тараптуу консультацияларга, илимий жана экономикалык жактан негизделген, ошол эле учурда соодага таасирин тийгизбей турган коопсуздукту камсыздоого негизделген эки тараптуу соодага таасири тийүүчү, келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү.
3-берене. Ишке ашыруу
1. Бул Меморандумду натыйжалуу ишке ашыруу максатында Тараптар өсүмдүктөрдү инспекциялоо жана карантин, анын ичинде пландоо, ишке ашыруу, мониторинг жаатындагы илимий алмашууларды жана ишти жүргүзүүгө жооптуу эки тараптуу жумушчу топту түзүшү мүмкүн.
2. Биргелешкен жыйындар эки тараптуу кызматташтыктын алкагында келип чыгуучу маанилүү маселелерди чечүү үчүн зарылчылыкка жараша өткөрүлөт, жалпы кызыкчылыкты же каалаган тараптын кызыкчылыгын билдирүүчү инспекция жана карантин боюнча маселелерди чечүүнү координациялоо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана консультация берүү жолу менен токтоосуз жүргүзүлөт.
Ушул Меморандумду ишке ашырууга жооптуу органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасы тарабынан:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын фитосанитариялык карантиндик көзөмөл башкармалыгы;
Кытай Эл Республикасы тарабынан:
- Кытай Эл Республикасынын Сапатты көзөмөлдөө, инспекциялоо жана карантин боюнча башкы башкармалыгынын алкагында Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча департамент.
4-берене. Талаштарды жөнгө салуу
Ушул Меморандумду чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу келип чыккан талаш маселелерди Тараптар сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечишет.
Ушул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдуктары боюнча өзүнчө протокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
5-берене. Пайдалануу, колдонуу мөөнөтү жана колдонуу мөөнөтүн токтотуу
Ушул Меморандум кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылдык мөөнөткө колдонулат. Эгерде Тараптардын бири да Меморандумдун колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен аны колдонулушун токтотуу тууралуу ниетин экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, Меморандум автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мөөнөткө узартылат.
Ушул Меморандумга толуктоолор жана өзгөртүүлөр Тараптардын өз ара макулдуктары менен гана киргизилиши мүмкүн.
__________ шаарында 20_-жылдын "__" ___________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, баардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти пайдаланышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
| Кытай Эл Республикасынын Сапатты көзөмөлдөө, инспекциялоо жана карантин боюнча башкы башкармалыгы |