Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-августу № 340-б
"Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы менен Шанхай кызматташтык уюмунун Салттуу медицинаны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Кытай ассоциациясынын ортосундагы Салттуу кытай медицинасы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
"Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын атынан чыгуучу башкы директору Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович, бир тараптан жана мындан ары "ШКУнун СМӨККА" деп аталуучу, Шанхай кызматташтык уюмунун Салттуу медицинаны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Кытай ассоциациясынын атынан чыгуучу төрагасы Линь Сюежун, экинчи тараптан, бирге "Тараптар" деп аталып төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Бул Макулдашууда төмөнкүдөй атоолор жана кыскартуулар колдонулат:
"Кыргыздипсервис" МИ - ушул Макулдашуунун преамбуласында аныкталган мааниге ээ;
"ШКУнун СМӨККА" - ушул Макулдашуунун преамбуласында аныкталган мааниге ээ;
СКМ ММ - Салттуу кытай медицинасы боюнча медициналык мекеме;
Борбор - дары өсүмдүктөрүн изилдөө боюнча илимий-изилдөө борбору;
Долбоор - Салттуу кытай медицинасы боюнча медициналык мекеме жана дары өсүмдүктөрүн изилдөө боюнча илимий-изилдөө борбору;
СКМ - Салттуу кытай медицинасы;
2-берене.
"ШКУнун СМӨККАсы" Кыргыз Республикасында "Кыргыздипсервис" МИ менен салттуу кытай медицинасы жаатындагы кызматташтыкты ишке ашыруу үчүн Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн бирден бир өкүлү, ыйгарым укуктуу компетенттүү мамлекеттик органы болуп саналат.
Тараптар Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен ишкана түзүшөт. Биргелешкен ишкананы түзүүнүн уюштуруу-укуктук формасы жана тартиби; Тараптардын Долбоорду инвестициялоосунун формасы, көлөмү жана үлүшү өзүнчө протоколго кол коюу жолу менен кошумча аныкталат.
3-берене.
Кыргызстанда Салттуу кытай медицинасы жаатындагы долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биргелешкен ишкана тарабынан жүргүзүлөт.
Тараптар этап-этап менен Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдарын (Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана башкалар) тартууну эске алуу менен Долбоорду ишке ашырышат жана дары өсүмдүктөрүн иштеп чыгуу, чогултуу, өстүрүү, дары өсүмдүктөрүнө киргизүү, кайра иштеп чыгуу, чыгаруу жана сатуу боюнча кызматташтыкты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырышат.
Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салттуу кытай медицинасы жаатындагы кызматташтык боюнча башка долбоорлорду да ишке ашырышат.
4-берене.
Тараптардын укуктары жана милдеттери:
1. "Кыргыздипсервис" МИ Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын алкагында Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди тариздөөгө жана аларды Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынан алууга көмөк көрсөтүүгө милдеттенет, буга төмөнкүлөр да кирет, бирок алар менен эле чектелбейт:
- Долбоор боюнча курулуш курууга жер участогуна уруксаттамаларды/уруксаттарды алууга;
- Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарына врачтардын квалификацияларынын шайкештигин жана Кыргыз Республикасынын аймагында дарылоо ишин жүргүзүү укуктарын аныктоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын аймагына кытай дарыларын алып келүүгө уруксат, ошондой эле дары каражаттарын даярдоо жана сатуу-укугуна уруксаттама алууга;
- мамлекеттик каттоодон өтүүгө, Кыргыз Республикасынын медициналык практикасында салттуу кытай медицинасынын дары каражаттарын жана медикаменттерин колдонууга уруксаттамаларды жана башка документтерди алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылынуучу медициналык жабдууларды алып келүүгө жана пайдаланууга уруксаттамаларды/уруксаттарды алууга;
- СКМ ММны пайдаланууга киргизүү үчүн зарыл болгон уруксаттамаларды/уруксаттарды алуу;
- Долбоор боюнча тиешелүү медициналык жана техникалык персоналды даярдайт;
- адистердин окутулгандыгына жараша медициналык жана техникалык персоналдын жалпы санынын 70 пайыздан кем эмес катышта Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушчу орундары менен камсыздайт;
- СКМ ММны жана Борборду куруу жана тейлөө үчүн зарыл болгон персоналдын саны Тараптардын өзүнчө протоколго кол коюу жолу аркылуу кошумча эскертилет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбеген салттуу кытай медицинасынын техникалык талаптарына ылайык, Долбоордун дизайнын, макетинин эскизин жана техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга байланыштуу бардык чыгымдарды көтөрөт.
5-берене.
Тараптар өз ара макулдукка келишти жана төмөнкүлөрдү аныкташты:
- СКМ ММнын алдын ала белгиленген аянты - 200 миң кв. метрди түзөт, анын ичинде курулуш аянты - 100 миң кв.м;
- СКМ ММ 600 (алты жүз) оорукана койка бирдигинен кем эмес эсептелинген;
- медициналык тейлөө персоналдарынын саны 1200 (бир миң эки жүз) кызматкерлерге каралган;
- СКМ ММны курууну, аны толук аяктаганга чейин ишке ашыруу мөөнөтү бардык расмий уруксаттарды алгандан кийин 5 жылды түзөт;
- СКМ ММ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга берилет.
Тараптар СКМ ММ документтерин иштеп чыгууну ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык зарыл болгон мамлекеттик экспертизаны белгиленген тартипте жүргүзүүгө макул болушту.
6-берене.
Бул беренеде көрсөтүлгөн бардык шарттар, максаттар жана милдеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Тараптар Борборду уюштуруу жана түзүү үчүн жооп беришет. Борбордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- дарылык ресурстарды жана Кыргыз Республикасынын аймагында өскөн дары өсүмдүктөрүнүн негизинде медициналык препараттарды өндүрүү маселелерин иликтөө, изилдөө, өнүктүрүү;
- Долбоорду куруу жана пайдалануу үчүн зарыл болгон шарттарды камсыздоо, атап айтканда: курууга лицензияларды алуу, атайын техниканы жана курулуш материалдарын алып келүүгө жана алып чыгууга уруксаттарды, ошондой эле ШКУнун СМӨККАсынын эсебинен чет өлкөлүк адистерге визалык жардам көрсөтүү.
2. "ШКУнун СМӨККАсы" төмөнкүлөргө милдеттенет:
- СКМ ММны жана Борборду курууга бардык зарыл болгон документтерди берүүгө жана Кытай Эл Республикасынын Салттуу кытай медицинасы боюнча мамлекеттик башкармалыгына жана Кытай Эл Республикасынын компетенттүү органдарына "Кыргыздипсервис" МИси менен Долбоорду ишке ашырууга кат жүзүндөгү уруксат алууга;
- Долбоор ишке ашырылганга жараша Кыргыз Республикасынын тиешелүү ведомстволорунун адистерин салттуу кытай медицинасынын жаатындагы бардык макулдашылган багыттар боюнча сапаттуу окутууну камсыз кылуу. Окутуунун мөөнөттөрү жана окуган адистердин саны өзүнчө протоколго тараптардын кошумча кол коюусунда айтылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын сапаты, ошондой эле чыгарылган жана Кыргыз Республикасына алып келинген дары каражаттарынын (өнүмдөрүнүн) сапаты, натыйжалуулугу жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилик тартууга;
- Долбоорду ишке ашырууда жана илгерилетүү ишинде экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана ал бузулган учурда жоопкерчилик тартууга;
- Долбоорду ишке ашырууга жана анын иштөөсү үчүн тартылган чет өлкөлүк адистерге виза алууда "Кыргыздипсервис" МИнин алыш-бериш эсебине 100 пайыз алдын ала төлөө же болбосо накталай каражаттарды которуу жолу менен акы төлөөгө.
"ШКУнун СМӨККАсы" Долбоордун иштөөсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кытайда өндүрүлгөн дары өсүмдүктөрдөн жасалган дарыларды алып келүүгө укуктуу.
3. Биргелешкен ишкана:
- Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары Долбоорду ишке ашыруу үчүн ишке тартылган чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу түрдө болушу үчүн зарыл документтерди бергендигине жооптуу болот;
- бардык салыктарды, жыйымдарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү төлөмдөрдү өз каражатынын эсебинен төлөйт;
- Кыргыз Республикасында СКМ ММны жана Борборду куруу мезгилинде адистердин жалпы санына карата 70 пайыздан кем эмес катышта Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке тартат;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы өсүмдүктөрдөн алынган дарылык чийки заттарды жыйноо, сактоо, өстүрүү, кургатуу, экстрагирлөө, кайра иштетүү жана өндүрүүнү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын дары өсүмдүктөрүн экспорттук сооданы ишке ашыруу;
- Долбоордун керектөөлөрүнө ылайык салттуу кытай медицинасынын (СКМ) дарылык чийки затын, кытай дарыларын, СКМ таблеткаларын, дарылоо өнүмдөрүн, медициналык жабдууларды жана инструменттерди, фармацевтикалык субстанцияларды жана көмөкчү материалдарды импорттоо боюнча бирдиктүү уюштуруу иштерин жүргүзүү;
"ШКУнун СМӨККА" эксплуатациялык режимди түзүү, изилдөө жана пайдалануу, экстрагирлөө, кайра иштетүү, өсүмдүктөн алынуучу дары чийки затын өндүрүү үчүн бул Макулдашуунун 4-беренесинде көрсөтүлгөн пайыздык катышка ылайык административдик, техникалык, медициналык кадрларды командировкага жөнөтөт.
Борбор "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын (МИ) атынан чыгат, ал эми "Кыргыздипсервис" МИ дары өсүмдүктөрүнүн тизмесин, экспорттолуучу дары өсүмдүктөрүнүн санын, кайра иштетүүгө болжолдонгон дары өсүмдүктөрүнүн санын жана көлөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүсүн иликтөө үчүн андан ары Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарына жөнөтөт.
Борбор "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын көмөк көрсөтүүсү менен Долбоорду ишке ашыруу максатында дары өсүмдүктөрүн экспорттоо жана кайра иштетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары талап кылган бардык уруксат берүүчү документтерди алат. Бардык чыгымдар биргелешкен ишкананын эсебинен төлөнөт.
7-берене.
Тараптар колдо болгон жана Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган бардык маалыматтардын купуялуулугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоону камсыздоого милдеттенишет.
Ушул Макулдашууну аткаруу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар жана карама-каршы пикирлер тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана консультациялар жолу менен чечилет.
Эгерде Тараптар алардын ортосунда талаш-тартыш башталгандан кийин алты айдын ичинде макулдашууга жетише албаса, анда бул талаш-тартыш Тараптардын кайсынысынын болбосун өтүнүчү менен Эл аралык Соода Укугу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун комиссиясынын Арбитраждык Эрежелерине (ЮНСИТРАЛ) ылайык негизделген эл аралык арбитраждык сотко берилет. Тараптар талаш-тартыш учурунда жазуу жүзүндө макулдашуусу, бул Эрежелерди өзгөртүүсү мүмкүн. Арбитраждык чечимдер талашып-тартышкан эки тарап үчүн чечүүчү жана милдеттендирген күчкө ээ болот.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптардын кайсынысы болсо да, негизделген себептер боюнча экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү аркылуу бул Макулдашууну бузушу мүмкүн. Мындай учурда Макулдашуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып, алты ай бүткөнгө чейин күчүндө болот. Бул мөөнөт Тараптардын, ошондой эле үчүнчү жактын алдындагы өздөрүнө алган бардык милдеттенмелерди жөнгө салуу үчүн белгиленген.
Бул Макулдашууга карата бардык протоколдор анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, эгерде алар жазуу жүзүндө таризделип жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган болсо, анда жарактуу деп эсептелет.
Бул Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада, үч тилде, ар бири кыргыз, орус жана кытай тилдеринде түзүлдү, Тараптардын ар бирине бирден нускада берилет. Талаш-тартыш маселелер келип чыкса, бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө учурунда айырмачылыктар пайда болсо, орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
"Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы |
| ШКУнун Салттуу медицинаны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Кытай ассоциациясы |
Башкы директор ______________ Д.Ирсалиев 2013-жылдын "__" ________ |
| Төрага _____________ Линь Сюежун 2013-жылдын "__" ________ |