Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 4-сентябры № 347-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 479-б буйругунун редакциясына ылайык)
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрь айылындагы аймактык оорукананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрь айылындагы аймактык оорукана үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кошумча медициналык жабдууларды сатып алууга 4100000 (төрт миллион жүз миң) сом бөлсүн;
- "2013-жылга республикалык бюджет жана 2014-2015-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө көрсөтүлгөн каражаттарды белгиленген тартипте караштырсын.
2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрь айылындагы аймактык оорукана медициналык жабдууларды сатып алууну тиркелген тизмеге ылайык мыйзамда белгиленген тартипте ишке ашырсын.
3. Аталган буйрукту контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-сентябрындагы № 347-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрь айылындагы аймактык ооруканага медициналык жабдууларды алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" буйрук долбооруна ТИЗМЕ
№ | Аталышы | Саны (даана) | Наркы (миң сом) | Жалпы (миң сом) |
1 | ТБ-019 оорууларды ташуу үчүн медициналык араба (чечилүүчү замбили менен) | 1 | 33,0 | 33,0 |
2 | Шыпка тагылуучу "Эмалед 500" хирургиялык лампасы | 2 | 860,0 | 1720,0 |
3 | Өпкөнү жасалма дем алдыруучу виан 1-2 аппараты | 1 | 950,0 | 950,0 |
4 | Жалпы ооруканага керектүү металл керебети К0.01.У | 52 | 8,5 | 442,0 |
5 | Универсалдуу операциялык үстөл | 2 | 350,0 | 700,0 |
6 | Ири хирургиялык операциялык аспаптардын жыйындысы 1 | 1 | 255,0 | 255,0 |
| Жалпы: |
|
| 4100,0 |