Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-сентябры № 348-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Салттуу кытай медицинасы боюнча мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Салттуу кытай медицинасы жаатындагы кызматташуу маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Салттуу кытай медицинасы боюнча мамлекеттик башкармалыгы, мындан ары өз алдынча "Тарап" жана бирге - "Тараптар" деп аталуу менен, салттуу кытай медицинасы жаатында кызматташууну мындан ары бекемдөө жана өнүктүрүү максатында эки тараптар ортосунда кызматташууну орнотуу жана өз ара таламдаш маселелер боюнча үзгүлтүксүз пикир алмашуу алардын кызыкчылыгына шайкеш келээрин, өз ара пайдалуу болоорун таанып, төмөнкүлөр тууралуу өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык теңдик жана өз ара жактыруучулук принцибинин негизинде салттуу кытай медицинасы жаатында кызматташууну өнүктүрүшөт жана бирге аракет жасашат.
2-берене.
Кыргызстанда салттуу кытай медицинасы жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды координациялоо максатында Тараптар Координациялык комитет (мындан ары - Комитет) түзүшөт. Тараптар бул меморандумдун күчүнө кирген күнүнөн тартып 30 күндүн ичинде өз Комитетинин курамы тууралуу маалымат менен алмашып турушат.
3-берене.
Тараптар бул Меморандумдун алкагында төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- өз ара таламдаш суроолорду талкуулоо боюнча Тараптардын өкүлдөрү ортосунда үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүүнү;
- Кыргыз Республикасында салттуу кытай медицинасынын дарылоо мекемесин түзүү долбоорун ишке ашырууга биргелешип көмөктөшүү жана колдоо көрсөтүүнү;
- салттуу кытай медицинасы жаатындагы адистерди жана башкаруучулук иш боюнча тийиштүү адистерди окутууну жана тажрыйба алмашууну;
- Кыргыз Республикасында салттуу кытай медицинасы боюнча дипломдон кийинки билим берүүнү өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүнү;
- салттуу кытай медицинасы жаатында симпозиумдарды, илимий конференцияларды биргелешип уюштурууну;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профилдик борборлорунун илимий потенциалын колдонуу жана салттуу кытай медицинасы жаатында клиникалык жана илимий изилдөөлөр боюнча кызматташуу жана пикир алмашууну;
- эки өлкөдө тең өсүмдүктөн алынган дары ресурстарын комплекстүү изилдөө жана колдонуу боюнча биргелешкен илимий-практикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн керектүү шарттарды камсыз кылууну;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Фитотехнологиялардын инновациялык борборунун базасында дары өсүмдүктөрүн өстүрүү, иштеп чыгуу жана селекциялоону киргизүү боюнча тажрыйбалык-эксперименттик борборун уюштурууга жардам берүүнү;
- И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын базасында Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрүнөн алынган дарылык чийки затынын негизинде дары каражаттарды жана жаңы биологиялык активдүү кошулмаларды иштеп чыгуу, изилдөө жана ишке киргизүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүгө көмөктөшүүнү;
- салттуу кытай медицинасына байланышкан көргөзмөлөргө жана башка иш-чараларга катышууну.
4-берене.
Тараптар Шанхай кызматташуу уюмунун салттуу кытай медицинасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча Кытай ассоциациясы кытай тарабынан Кыргыз Республикасында салттуу кытай медицинасынын дарылоо мекемесин түзүү долбоорунун аткаруучусу катары дайындалышына макул болушту, ал салттуу кытай медицинасынын дарылоо мекемесин куруу жана жабдуу долбоорлорун ишке ашыруу суроолору боюнча, Кыргыз Республикасынын дары өсүмдүктөрүнүн ресурстарын мобилизациялоо жана өнүктүрүү боюнча, ошондой эле бул Меморандумдун алкагында башка кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү ведомстволору жана мекемелери менен кызматташууну жүргүзүүгө жооп берет.
5-берене.
Зарыл болгон учурда, Тараптар конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда техникалык жардам көрсөтүүгө көмөктөшөт.
Кызматташуунун алкагында ишти каржылоо өз ара пайдалуу кызыкчылыктардын негизинде, өз ара жөнгө салуу жана сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн долбоорлордун алкагында ишке ашырылат.
6-берене.
Бул Меморандумду ишке ашырууга жана чечмелөөгө байланышкан бардык пикир келишпестиктерди жана карама-каршылыктарды Тараптар консультациялар жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечишет.
7-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Меморандумга, анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
8-берене.
Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылга чейин колдонулат.
Эгерде тараптардын бири да Меморандумдун күчү токтогонго чейин алты ай мурун экинчи Тарапка Меморандумдун күчүн токтотуу ниети жөнүндө кат түрүндө билдирбесе, Бул Меморандум автоматтык түрдө кийинки беш жылга узартылат.
Бул Меморандум _______________ шаарында 2013-жылдын "__" сентябрында ар бири эки түп нускада кыргыз, кытай жана орус тилдеринде кол коюлду, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан |
| Кытай Эл Республикасынын салттуу кытай медицинасы боюнча мамлекеттик башкармалыгынын атынан |