Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-сентябры № 350-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, орто мөөнөттүү мезгилге Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу максатында:
1. Орто мөөнөттүү мезгилге Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топко:
- 2013-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө орто мөөнөттүү мезгилге Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- зарылдыгына жараша программанын долбоорун даярдоо үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 350-б буйругу менен бекитилген |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Алманбетов Атай Өмүрбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Мурзалиев Ханчоро Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Кенжебаев Дыйканбай Бакашович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Ибраев Келдибек | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Эшенкулова Нарынкүл Амановна | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Чойбеков Кубанычбек Насыбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Ишекеев Нaзаркул | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Жуков Михаил Александрович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Жээналиев Нурбек Эргешбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Шабданов Үсөнкул Турдукулович | - | Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Тотонов Нурбек | - | "Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын фонду" МИсинин директору; |
Койчиев Мамбет Дүйшалиевич | - | Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри (макулдашуу боюнча). |