Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйругуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-сентябры № 359-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-майындагы № 165-б, 2014-жылдын 8-декабрындагы № 561-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында ички иштер органдарын реформалоо жана укуктук тартиптин системасын өнүктүрүү боюнча кабыл алынуучу чараларга мониторинг жүргүзүү жана координациялоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Укуктук тартиптин системасын реформалоо жана өнүктүрүү боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кеңеш консультациялык-кеңешүүчү орган болуп эсептелээри;
- Кеңештин ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик түзүмдөрдүн, жер-жерлердеги мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдардын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү чакырылаары, алардын Кеңештин отурумуна кеңешүүчү добуш укугу менен катышаары;
- Кеңештин компетенциясына Кыргыз Республикасында ички иштер органдарын реформалоо жана укуктук тартиптин системасын өнүктүрүү боюнча чараларды жүргүзүүнү координациялоо жана мониторинг кылуу кирээри;
- Кеңештин отуруму кварталда кеминде бир жолу өткөрүлөөрү;
- чечимдерди кабыл алуу Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен жүргүзүлөөрү;
- Кеңештин чечимдери протоколдор менен таризделээри.
3. Кеңешке иш үчүн зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте сурап алуу укугу берилсин.
4. Кеңештин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 359-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Укуктук тартиптин системасын реформалоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-декабрындагы № 561-б буйругунун редакциясына ылайык)
Маматалиев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы; |
Турганбаев М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Асанов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Абдирасулова А.П. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы Коомдук байкоо кеңешинин төрагасынын орун басары, "Кылым Шамы" укук коргоо борборунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Дооталиев У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Каримбеков А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Какчекеев Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы Коомдук байкоо кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ардагери (макулдашуу боюнча); |
Келдибекова Н.Т. | - | көз каранды эмес эксперт (макулдашуу боюнча); |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Кочорбаева З.И. | - | Социалдык технологиялар агенттигинин директору (макулдашуу боюнча); |
Курманова А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Скобеев E.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Сырдыбаев С.М. | - | көз каранды эмес эксперт (макулдашуу боюнча); |
Эрматов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Катчылыгынын коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарды координациялоо боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Карачалов М.Ч. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча башкармасынын начальниги, Кеңештин катчысы. |