Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 107-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 10-февралы № 50-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6- сентябрындагы № 359-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-майындагы № 165-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-декабрындагы № 561-б буйругу.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
"Тиркеме
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-мекен" фракциясынын лидери, Координациялык кеңештин тең төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору (макулдашуу боюнча);
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча)."