Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-сентябры № 366-б
"Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 95 Жарлыгын эске алуу менен, манасчы Жусуп Мамайдын көрүнүктүү салымын жалпыга таанытуу жана жайылтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып:
1. Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымын кеңири жайылтууга багытталган иш-чаралардын планы бекитилсин (мындан ары - Иш-чаралардын планы).
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- Ушул Иш-чаралардын планын жетекчиликке алышсын жана аткарышсын;
- Жыл сайын 25-январдан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жыл сайын, 1-февралдан кечиктирбестен жалпыланган түрдөгү маалыматты берип турсун.
4. Иш-чаралардын планын каржылоо ишке тартылган министрликтердин, администрациялык ведомстволордун бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 366-б буйругуна тиркеме |
№ | Иш-чаралар | Жооптуу аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо (миң сом) |
1 | Жусуп Мамай баяндаган "Манас" эпосун басып чыгаруу | Мадмин, УИА | 2013-2017-жылдар | 1000,0 |
2 | Жусуп Мамай жашаган жерге илимий жана чыгармачылык экспедицияны уюштуруу | Мадмин, ТИМ, УИА | 2014-2015-жылдар | 1000,0 |
3 | Жусуп Мамай жөнүндө фильм тартуу | Мадмин | 2014-2015-жылдар | 2000,0 |
4 | Жусуп Мамайдын эмгектерин системалуу иликтөө жана изилдөө процесстерин уюштуруу жана координациялоо | УИА | 2013-2017-жылдар | |
5 | Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын, анын ичинде Жусуп Мамайдын эмгектерин жана чыгармачылыгын изилдөө жагында адистешкен чет өлкөлүк илим жана маданият ишмерлери менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү | УИА | 2013-2017-жылдар | 1000,0 |
6 | Жусуп Мамайдын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө чыгармачыл долбоорлордун мазмундуу бөлүгүн даярдоого көмөк көрсөтүү | Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фонду Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте | 2013-2017-жылдар | |
7 | Жусуп Мамайдын эмгектерин терең иликтөө, талдоо жана кеңири таанытуу максатында илимий-практикалык конференцияны даярдоо жана өткөрүү | Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фонду Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте | 2014-жыл | 300,0 |
8 | Жусуп Мамайдын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө китеп көргөзмөсүн уюштуруу | Мадмин, Улуттук китепкана, администрация- лык ведомстволор, жергиликтүү мамадминистра- циялар | 2014-2017-жылдар | 700,0 |
9 | "Манасчы" деген аталыштагы республикалык фестивалды даярдоо жана өткөрүү | Мадмин, Улуттук китепкана, администрация- лык ведомстволор, жергиликтүү мамадминистра- циялар | 2014-2017-жылдар | 3000,0 |