Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-сентябры № 369-б
Кыргыз Республикасынын тарыхы боюнча документтерди чет өлкөлөрдүн архивдеринен табуу жана тарыхый мурасты кайтаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги № 2970-V "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомун көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын тарыхы боюнча документтерди чет өлкөлөрдүн архивдеринен табуу жана тарыхый мурасты кайтаруу программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын тарыхы боюнча документтерди чет өлкөлөрдүн архивдеринен табуу жана тарыхый мурасты кайтаруу программасынын долбоорун алты айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин методикалык, уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 369-б буйругуна тиркеме |
Шыкмаматов А.Н. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Сапарбаев Э.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Ахмедов О.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору; |
Самаева Б.О. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук архивинин директору; |
Аманканова Б.Х. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук кинофотофонодокументтердин архивинин директору; |
Деркенбаева Г.М. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук саясий документтердин архивинин директору; |
Сыдыков Т.С. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат жана басма сөз бөлүмүнүн башчысы; |
Молдобаева Г.О. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин билим берүү жана илим бөлүмүнүн башкы адиси; |
Какеев А.Ч. | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин илимдин философиясы кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча); |
Бедельбаев А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмчөсүнүн окумуштуу катчысы, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Байдилдеев Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун илимий кызматчысы (макулдашуу боюнча); |
Жумабаев Б.М. | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Чотаева Ч.Ж. | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин "Антропология" департаментинин профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Чаргынов Т.Т. | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун доценти, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Рыскулов Т.М. | - | К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин "Кыргызстандын жана чет элдик чыгыштын тарыхы" кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Сапаралиев Д.Б. | - | "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин "Тарых" кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча). |