Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-сентябры № 371-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90 жана 97-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын конституциялык эмес деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына сунуштун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган сунушка кол коюуга жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына киргизүүгө ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын билдирүү укугуна ишеним кат берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына |
| Тарап: | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
| Дареги: | Бишкек ш., Абдумомунов көчөсү, 207 |
| Тарап: | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши |
| Дареги: | Бишкек ш., Чүй проспекти, 205 |
(Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1-бөлүгү жана 6-бөлүгүнүн 1-пункту, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту, 19-беренеси, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту жана 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы, 21, 24, 25 жана 26-беренелери иретинде)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келбейт деп таанууну төмөнкү негиздер боюнча өтүнөт.
Алсак, "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн аталган абзацына ылайык республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ишке ашырууга жана кеңейтилген форматта профилдик комитеттер менен макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Бул жобо парламенттин комитеттеринин ыйгарым укуктарын кеңейтет.
Биринчиден, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция) 3-беренеси мамлекеттик бийликти бөлүү принцибин бекемдөө менен мамлекеттик органдар Конституцияда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттик бийликке ээ болушаарын жана ишке ашыраарын карайт.
Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүндө мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга алышпастыгы белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) ыйгарым укуктары Конституциянын 74-беренесинде каралгандыгын белгилей кетүү керек, анын 9-бөлүгүндө Жогорку Кеңеш аталган беренеде белгиленген ыйгарым укуктарды, ошондой эле Конституцияда каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат деп айтылган.
Ушуга ылайык, Жогорку Кеңеш Конституциянын өзүндө каралган ыйгарым укуктарга гана ээ. Өз кезегинде, Конституциянын 76-беренесинин 2-бөлүгүндө Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелерди даярдоону жана алдын ала карап чыгууну ишке ашыра тургандыгы, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди ишке ашырууну контролдоору белгиленген.
Ошондуктан, Жогорку Кеңештин комитеттери Конституция менен Жогорку Кеңештин түздөн-түз компетенциясына киргизилген маселелерди гана карашы мүмкүн. Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына мүнөздүү эмес ыйгарым укуктарды аталган комитеттерге мыйзам менен жүктөө Конституциянын жогоруда аталган беренелерине карама-каршы келет.
Ушуга байланыштуу, республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ишке ашыруусу жана кеңейтилген форматтагы тармактык комитет менен макулдашууга Жогорку Кеңешке жиберүүсү керектигин белгилеген "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацы парламенттин комитеттеринин ыйгарым укуктарын кеңейтээрин белгилейбиз.
Ошондой болсо да, аталган ченем тарабынан парламенттин Конституцияда белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыраарын жана конституциялык ыйгарым укуктардын чегинен сырткары чыга албасын белгилеген Конституциянын 5 жана 74-беренелеринин, ошондой эле Конституциянын 76-беренесинин Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелерди даярдоону жана алдын ала карап чыгууну ишке ашыра тургандыгын, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди ишке ашырууну контролдоорун белгилеген жоболору бузулган.
Экинчиден, "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин аталган абзацында Өкмөттүн түзүмүнө кирген жана Конституциянын 83-беренесине ылайык Өкмөткө түздөн-туз баш ийген органга - Финансы министрлигине түз тапшырма берилет. Ошондуктан, аталган Мыйзамдын жогоруда белгиленген жоболору Конституцияда каралган (5-бөлүм "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги") конституциялык ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруудагы Өкмөттүн мүмкүнчүлүгүн чектейт.
Алсак, Конституциянын 88-беренесине ылайык Өкмөткө төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилген, анын ичинде финансылык, баалык, тарифтик, инвестициялык жана салыктык саясат жүргүзүүнү камсыз кылуу; мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу; социалдык-экономикалык чөйрөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу.
Ошондой эле Конституциянын 90-беренесине ылайык Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жана аларды аткаруу үчүн өз чечимдерин кабыл алаарын белгилөө керек.
Конституциянын 88-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Өкмөттүн ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин экинчи абзацында көрсөтүлгөн маселелерди Өкмөт парламент тарабынан кандайдыр бир көрсөтмөлөрсүз же тапшырмасыз өз алдынча чечет. Аталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу Өкмөттүн өзгөчө укугу болуп эсептелет, ал аткаруу бийлигинин жогорку органы болуу менен аларды сапаттуу жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн толук жоопкерчилик тартат.
Андан сырткары, жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 10 жана 11-беренелерине ылайык Өкмөт жогоруда аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарына жараша аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт, ошондой эле аталган мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.
Парламент тарабынан ашыкча камкорчулук көрүү же өтө көзөмөлчүлүк жүргүзүү Өкмөттүн өз ыйгарым укуктарын өз алдынча ишке ашырууну чектөөгө алып келет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин капиталдык салымдарды пландоону Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен макулдашууга милдеттендирүүдөн, Мыйзам тарабынан иш жүзүндө Өкмөттүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу процесси бузулган.
Андан сырткары, жогоруда аталган Мыйзамдын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын жоболору "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине каршы келет, ага ылайык республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ишке ашырат.
Капиталдык салымдарды пландоону Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен макулдашуунун киргизилген жол-жобосу бийликтин бир бутагын бийликтин экинчи бутагына алмаштырууга мүмкүндүк бербей турган бийлик бутактарынын ортосундагы "токтотуулар жана тең салмактуулук" системасынын принцибин бузат жана бийликтин аткаруучу бутагынын башчысы болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Конституцияны жана мыйзамдарды аткарууну камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри багытын аныктоочу Өкмөттүн Программаларын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү иштерин уюштуруудагы мүмкүнчүлүктөрүн жана ыйгарым укуктарын чектейт.
Конституцияда аныкталган компетенция жана жоопкерчилик ыйгарылган, өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы болуп саналган парламент "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жогоруда аталган ченемди киргизүү аркылуу бийликтин аткаруу бутагынын маселелерин чечүүгө кийлигишкендиктен, бул Конституцияда белгиленген "токтотуулар жана тең салмактуулук" системасынын бузулушуна алып келген. Өкмөттүн ой-пикири боюнча жогоруда айтылгандар мамлекеттик башкаруу системасынын ченемдүү балансы жана натыйжалуу системасы үчүн жол бергис болуп саналат. Ошол эле учурда Конституциянын 3-беренесине ылайык, мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийликтин бөлүнүшү принцибинде да ишке ашырылат, бийликтин курамында мыйзам чыгаруу жана бийликтин аткаруу бутактары болот.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Конституциянын 6-беренесинин жобосун эске алып, ага ылайык Конституция юридикалык жогорку күчкө ээ болуп, Кыргыз Республикасында түздөн-түз аракеттенет, Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат, Өкмөт "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы Конституциянын жогоруда аталган беренелерине ылайык келбейт деп эсептейт.
Буга байланыштуу Конституциянын 1-бөлүмүн жана 97-беренесинин 6-бөлүмүнүн 1-пунктун, 18-берененин 1-бөлүмүнүн 1-пунктун, 19-берененин, 20-берененин 1-бөлүмүнүн 5-пунктун жана 2-бөлүмүнүн бешинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21, 24, 25 жана 26-беренелерин жетекчиликке алуу менен Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынан төмөнкүлөрдү:
- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын конституциялык эмес деп табууну;
- парламенттин, анын комитеттеринин конституциялык ыйгарым укуктарын кеңейткен жана Өкмөттүн ыйгарым укуктарын чектөөгө багытталган мыйзамдарды кабыл алууга жол берилбестигин көрсөтүүнү өтүнөт.
Өкмөт конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары катары төмөнкүлөрдү чакырууну суранат:
Жогорку Кеңеш тарабынан анын өкүлдөрүн;
Өкмөт тарабынан анын ыйгарым укуктуу өкүлүн.
Тиркеме:
- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын көчүрмөсү;
- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын конституциялык эмес деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына сунуштаманы жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун көчүрмөсү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан: |
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын "__" __________ № ___ буйругунун негизинде берилген ишеним кат боюнча иштеген | ||
Кыргыз Республикасынын финансы министри |
|
|
О.В.Лаврова _______________________ |
|
|