Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-сентябры № 380-б
2013-жылдын 25-сентябрында Вена шаарында (Австрия Республикасы) өтө турган Эки тараптуу экономикалык байланыш боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясынын кезектеги бешинчи жыйынынын ишине катышуу максатында:
1. Бешинчи жыйындын ишине катышуу үчүн Эки тараптуу экономикалык байланыш боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2013-жылдын 24-26-сентябрында Австрия Республикасынын Вена шаарына командировкага жиберилсин.
3. Комиссиянын кыргыз тарабынын төрагасына белгиленген тартипте республиканын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга укук берилсин.
4. Комиссиянын жыйынына катышууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 269-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 380-б буйругуна тиркеме |
2013-жылдын 25-26-сентябрында Австрия Республикасынын Вена шаарында өтө турган бешинчи жыйындын ишине катышуу үчүн Эки тараптуу экономикалык байланыш боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Иманалиева Лидия Адамкалыевна | - | Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Сүйүмбаева Паиза Үсөнбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Дүйшеев Нурлан Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы; |
Ишекеев Назаркул Ишекеевич | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Чакиев Максат Жолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору; |
Маралбаев Акылбек Өскөнбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Исабаева Зина Беккелдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абжапаров Теңизбек Жусупбекович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Токтоматов Нурмамбет Талгатович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк башкармалыгынын начальниги; |
Жамшитова Айпери Жаңыбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Токбаева Аяна Асангуловна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Америка департаментинин экинчи катчысы; |
Качкынбай кызы Жылдыз | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын интеграциялык бирикмелер секторунун жетектөөчү адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы. |