Редакцияот 23.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 23-сентябры № 390-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык:

I .Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кан (Советское) айылынын № 2 калдык сактоочу жайында кечиктирилгис авариялык-кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 3500000 (үч миллион беш жүз миң) сом бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда керсөтүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев