Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-сентябры № 392-б
2014-жылы Бишкек шаары - ислам маданиятынын борбору деп жарыялангандыгы боюнча иш-чараларды өз убагында даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. "2014-жылы Бишкек шаары - ислам маданиятынын борбору" деп аталган иш-чараларды өз убагында даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө "2014-жылы Бишкек шаары - ислам маданиятынын борбору" деп аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын, бекитсин жана андан ары аткарылышын контролго алсын.
3. Иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү чыгымдары ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаардык мэриянын 2014-жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле мыйзам менен тыюу салынбаган тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетине министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин ишке тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрине жана Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы 392-б буйругуна тиркеме |
Талиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Касиев Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Абдылдаев Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Алымкулов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Ибраимов А.С. | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); |
Кулматов К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Лаврова О.В. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Мусаев А.И. | - | К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору; |
Нарматов А.И. | - | Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Себахаттин Балжы | - | "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Султанбаева А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти; |
Суранчиев А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Эркебаев А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча). |