Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-сентябры № 396-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 76-б, 2016-жылдын 21-июлундагы № 328-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2012-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кредиттик макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Автожол техникаларын жана жабдууларын сатып алуу" долбоору боюнча Түркия Республикасынын кредитинен үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен атайын инженердик техникаларды сатып алууга 2000000 (эки миллион) АКШ долларын бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Түркия Республикасынын кредитинен бөлүнгөн 2000000 (эки миллион) АКШ доллары өлчөмүндөгү суммага атайын инженердик техникаларды тиркемеге ылайык сатып алууга уруксат берилсин.
3. Атайын инженердик техникаларды сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзсүн.
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 328-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 396-б буйругуна тиркеме |
Атайын инженердик техниканын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 76-б, 2016-жылдын 21-июлундагы № 328-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
№ | Аталышы | Саны (бирдик) |
1 | Мингизме сүйрөгүч тралы менен, дөңгөлөктүн базасы 6x6, жүк көтөрүмдүүлүгү 40 тоннадан кем эмес | 4 |
2 | Каз тамандуу экскаватор, сузгучтун көлөмү 0,9 м3 кем эмес, кубаттуулугу 180 а.к. кем эмес | 3 |
3 | Бульдозер, кубаттуулугу 230 а.к. кем эмес, массасы 24 тоннадан кем эмес | 3 |
4 | Фронталдык жүктөгүч, сузгучтун көлөмү 3 м3 кем эмес | 4 |
5 | Автосамосвал, жүк көтөрүмү 25 тоннадан кем эмес, дөңгөлөктүн базасы 6x4, кубаттуулугу 336 а.к. кем эмес | 11 |
6 | Пневмадөңгөлөктүү экскаватор сузгучтун көлөмү 0,9 м3 кем эмес, кубаттуулугу 124 кВт кем эмес | 4 |
7 | Айкашма титиретип таптагыч, массасы 5 тоннадан кем эмес | 2 |
| Бардыгы: | 31 |