КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-декабры № 399-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен Нарын облусундагы Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күнгөй айылындагы суткалык жөнгө салуу бассейнине кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 10520000 (он миллион беш жүз жыйырма миң) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |