Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-октябры № 404-б
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган мааракелик иш-чарларды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 350000 (үч жүз элүү миң) сом бөлүнсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 122-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген мааракелик иш-чаралардын тизмесинде:
3-пунктунун бешинчи мамычасы "Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттары" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |