Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-апрели № 122-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 404-б, 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 462-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2013-жылы өткөрүлүүчү юбилейлик иш-чараларды тартипке келтирүү максатында:
1. 2013-жылга юбилейлик иш-чаралардын тиркелген тизмеги (мындан ары - Тизмек) бекитилсин.
2. Тизмекте аталган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо тартылган министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 122-б буйругу менен бекитилген |
2013-жылга юбилейлик иш-чаралардын ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 404-б, 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 462-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
№ | Юбилейлик иш-чаралар | Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө жооптуу мамлекеттик орган | Ченемдик документтер | Каржылоо булактары | Каржылоо суммасы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жооптуу бөлүмдөрү | Жооптуу аткаруучулар |
I. Эл аралык маанидеги юбилейлик иш-чаралар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен таризделет) | |||||||
1 | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнө 85 жыл (1928-2008) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 100000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
II. Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен таризделет) | |||||||
2 | Акын, драматург Р.Шүкүрбековдун туулган күнүнө 100 жыл (1913-1962) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттары, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 300000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
3 | Мамлекеттик жана коомдук ишмер Н.Исановдун туулган күнүнө 70 жыл (1943-1991) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттары гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар |
| Уюштуруу инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү | КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
4 | Мамлекеттик жана коомдук ишмер А.Масалиевдин туулган күнүнө 80 жыл (1933-2004) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 100000 сом | Уюштуруу инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
5 | Элдик төкмө акын К.Акиевдин туулган күнүнө 130 жыл (1883-1953) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 100000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
6 | СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, дирижер А.Жумахматовдун туулган күнүнө 90 жыл (1923-2008) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 100000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Композиторлор союзу жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
7 | СССРдин эл артисти Б.Кыдыкееванын туулган күнүнө 90 жыл (1923-1994) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 100000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Театр ишмерлери союзу жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
8 | Кыргыз эл акыны Э.Ибраевдин туулган күнүнө 80 жыл (1933-2005) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 100000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
9 | Кыргыз ССРинин эл артисти, композитор В.А.Власовдун туулган күнүнө 110 жыл (1903-1986) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 100000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Композиторлор союзу жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
10 | Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун туулган күнүнө 120 жыл (1893-1941) | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар |
| Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү | КР Коргоо министрлиги жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
III. Министрликтердин жана ведомстволордун деңгээлиндеги юбилейлик иш-чаралар (Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ченемдик документтери менен таризделет) | |||||||
11 | Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү О.М.Мануйлованын туулган күнүнө 120 жыл (1893-1984) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 80000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Сүрөтчүлөр союзу жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
12 | Кыргыз ССРинин эл артисти, актер, режиссер, драматург А.Көбөгөновдун туулган күнүнө 100 жыл (1913-1992) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 80000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Театр ишмерлери союзу жана башка тартылган мамлекеттик органдар |
13 | Кыргыз улуттук К.И.Скрябин атындагы агрардык университетинин түзүлгөнүнө 80 жыл (1933) | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар |
| Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Билим берүү жана илим министрлиги |
14 | КР УИАнын академиги, белгилүү тилчи Б.Юнусалиевдин 100 жылдыгы (1913-1970) | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз Республика- сынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктары | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар |
| Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Улуттук илимдер академиясы, КР Билим берүү жана илим министрлиги |
15 | Кыргыз ССРинин эл артисти, белгилүү манасчы М.Мусулманкуловдун 130 жылдыгы (1883-1961) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 80000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, тартылган мамлекеттик органдар |
16 | Кыргыз Республикасынын эл акыны Т.Байзаковдун 90 жылдыгы (1923-1992) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 80000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу |
17 | Кыргыз эл жазуучусу Ж.Мавляновдун 90 жылдыгы (1923-2003) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар | 80000 сом | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу |
18 | Көрүнүктүү спортчу, олимпиада чемпиону К.Осмоналиевдин 60 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин буйругу | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар |
| Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
19 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери, окумуштуу- тарыхчы, эл мугалими С.Токтогоновдун 100 жылдыгы (1913-2006) | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктары | Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттар |
| Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | КР Улуттук илимдер академиясы, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана башка тартылган мамлекеттик органдар |