Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-октябры № 406-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чаралардын программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чаралардын программасынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарылдыгына жараша белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүү боюнча эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 406-б буйругуна тиркеме |
Жусубалиев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Камбаров Ч.С. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Скобеев E.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Пазылов Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Макушев А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү, финансылык мониторинг жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча башкармалыгынын инспектору; |
Шермамат у. Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин башкы адиси (макулдашуу боюнча); |
Шеров М.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн инспектору; |
Жунушалиев А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматтык текшерүүлөр жана коопсуздук секторунун ички аудит башкармалыгынын улук инспектору; |
Жалбиев Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Оперативдүү иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Дехканов У.У. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо иштери боюнча башкармалыгынын инспектору; |
Абдыжалиев Б.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын ыкчам-издөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Асанов М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальнигинин орун басары; |
Ормушева М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү; |
Жуматаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Башкы штабынын аскер кызматы жана аскер кызматынын коопсуздугу башкармалыгынын аскер кызматынын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы; |
Ниязалиев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча коллегиясынын ишин камсыздоо бөлүмүнүн консультанты (макулдашуу боюнча); |
Каримов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы ыкчам-режимдик башкармалыгынын оперкызматкери. |