Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2011-жылдын 14-июну ПБ № 88
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын базасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоонун кесиптик деңгээлин андан ары жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын модернизациялоонун тиркелген Концепциясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын модернизациялоонун Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча аракеттенүү Планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы № 88 буйругу менен бекитилген |
1. Учурдагы абал жана өзгөрүүлөрдүн зарылдыгы
2. Модернизациялоо максаттары жана милдеттери
3. Ишмердиктин артыкчылыктуу багыттары
4. Концепцияны жүзөгө ашыруу
Киришүү
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын модернизациялоо Концепциясы (мындан ары - Концепция) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдарынын жана жогорку билим, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармактарында саясатты аныктаган башка укуктук документтердин негизинде даярдалды.
Бул Концепциянын муктаждыгы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында башкаруу кадрларын азыркы шартта кесиптик даярдоого болгон талаптардын өсүшү менен байланышкан. Бул саясий модернизациялоо, экономика жана социалдык чөйрөнү башкарууну реформалоо, жарандык коомдун жана адамдын ролунун өсүшү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгы менен шартталган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы билим берүү чөйрөсүнүн, жаңы билим берүү концепцияларынын, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын ааламдашууга тийгизген таасирин сынайт.
Мына ушул чакырыктардын бардыгы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын алдында турган милдеттерди өз убагында жана натыйжалуу чечүүгө инновациялык мамилени талап кылган маселелерди жана мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылат.
Концепция 2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ишине артыкчылык берүүчү жаңы шарттарда анын максаттары менен милдеттерин аныктаган документ болуп саналат.
1. Учурдагы абал жана өзгөрүүлөрдүн зарылдыгы
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы (мындан ары - КРПБА) 1997-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарын жогору кесиптик чеберчиликтеги кадрлар менен камсыз кылуу үчүн окуу, илимий жана уюштуруу-усулдук базаны түзүү максатында Бишкек менеджмент жана бизнес эл аралык мектебинин базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн.
КРПБАда базалык, жогорку кесиптик, дипломдон кийинки билим берүүнүн (магистратура, аспирантура жана докторантура), ошондой эле кошумча кесиптик билим берүүнүн (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу) базасындагы программалар жүзөгө ашырылат.
Окуу процесси 278 кишинин, анын ичинде илимдин 14 докторунун, илимдин 106 кандидатынын курамындагы профессордук-окутуучулар тарабынан камсыз кылынат.
КРПБАда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдары үчүн кадрларды даярдоону төмөнкүдөй үч бөлүм жүргүзөт:
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу Институту;
- мамлекеттик башкаруу, укук жана бизнес факультети;
- Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кызматчыларын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Борборлору.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу Институту "Менеджмент" багыты боюнча тогуз адистик: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; жергиликтүү өз алдынча башкаруу; мамлекеттик башкаруу; саясый менеджмент; Парламентаризм; социалдык менеджмент; билим берүүдөгү менеджмент; коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу; суу-энергетикалык ресурстарды башкаруу боюнча күндүзгү, кечки жана сырттан окутуу формасында магистрдик программаларды жүзөгө ашырат.
Аталган магистрдик программалар боюнча 550 адам окуп жатат. Мамлекеттик заказ иретинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жылына 15 киши окутуунун күндүзгү формасы боюнча "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" магистрдик программасына кабыл алынат. Калган магистрдик программалар Ханнс Зайдел (Германия) Фондунун каражаттарынын эсебинен жана контракт боюнча жүргүзүлөт.
Мамлекеттик башкаруу, укук жана бизнес факультети базалык жана толук жогорку билим берүү программаларын жүзөгө ашырат.
Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу Борборлору ар кандай тематика боюнча кыска мөөнөттүү курстарды жүргүзөт. Бул борборлорду финансылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги мамлекеттик заказчылар катары чыгат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында ар кандай масштабдагы конференциялар, семинарлар өткөрүлүп, "КРПБАнын жарчысы" илимий журналы басылып чыгат.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча кадрларды даярдоону ишке ашырган республиканын ЖОЖдоруна КРПБА басылып чыккан окуу-усулдук адабияттарды берүү, алардын окутуучуларын квалификацияны жогорулатуу тренингдерине жана курстарына чакыруу менен жардам көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы UNDP, ECTacis, JIСА , OSСЕ, USAID, NISPACee, InWEnt, Tiri жана башкалар сыяктуу эл аралык донор уюмдар менен кызматташат. 2007-жылдан баштап КРПБА мамлекеттик жана муниципалдык кызмат үчүн кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо жагында анын демилгеси боюнча түзүлгөн өнөктөш-өлкөлөрдүн Евразия ассоциациясын жектейт.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүүгө белгилүү салым кошот. Жыл сайын ал 500 жакын дипломдуу башкаруучуларды даярдайт, ал эми миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар өз квалификацияларын жогорулатат.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ишиндеги жетишкендиктер менен катар чечүүнү талап кылган көйгөйлүү маселелер да топтолуп кеткен.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын эң башкы кемчилиги болуп мамлекеттик жана муниципалдык кызматты динамикалык өсүп жаткан талаптарына башкаруучу кадрларды кесиптик даярдоонун деңгээлинин толук ылайык эместиги, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын проблемаларын илимий жактан иштеп чыгууга профессордук-окутуучулар түзүмүнүн жетишсиз катышуусу эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын билим берүү программалары артык баш академизмден, ал эми жүргүзүп жаткан изилдөөлөр - практикалык багыттын жеткиликтүү эместигинен жапа чегип жатат. Ушунун айынан окуп жаткандарды даярдоонун зарыл сапаты камсыз кылынбай жатат. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу маселелери боюнча өлкөдө алдыңкы илим-изилдөө, илимий-маалыматтык жана эксперттик-талдоо борборуна айлана элек.
Бул бир катар ички жана сырткы факторлор менен шартталган. Анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кызматчыларын окутууга, ошондой эле илим-изилдөө жана эксперттик-талдоо иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик заказдын тартибинин жөнгө салынбагандыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ишин Мамлекеттик кадр кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен так координацияланбагандыгы жана макулдашылбагандыгы;
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун актуалдуу маселелерин иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын институттук потенциалынын жогору эместиги;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы үчүн профилдик эмес билим берүү программалары боюнча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн көп санда болушу.
Ушул жана башка себептер Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын билим берүү ишинин кээ бир деформациясына жана аны акырындык менен адаттагы эле ЖОЖ айлантуу тенденциясына алып келди, бул анын миссиясына - мамлекеттик жана муниципалдык кызматты кесипкөйлөштүрүүгө ылайык келбейт.
Мына ушунун бардыгы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ишин анын максатына, ошондой эле мамлекеттик курулуштун азыркы этабынын милдеттерине ылайык келтирүү зарылчылыгын шарттайт.
2. Модернизациялоо максаттары жана милдеттери
Концепция окутуунун жогорку сапатын камсыз кылуунун, илим изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн, илимий-маалыматтык жана эксперттик-талдоо иштерин аткаруунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын кесиптик жактан өнүктүрүү боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүү максаттарына жетишүүгө багытталган.
Бул максатка жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы өз ишин кайра түзүп жана төмөнкү милдеттерди чечүүгө тийиш:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик жактан өсүүгө жана өнүгүүгө болгон чыныгы керектөөлөрүнө өз убагында мамиле кылуу менен аларды окутууга туруктуу жана системалуу мүнөз берүү.
2. Бардык билим берүү программаларында окутуунун жогорку сапатын камсыз кылуунун натыйжалуу системасын түзүү.
3. Дистанциялык билим берүү элементтери менен окутуунун заманбап технологияларын киргизүү, окуу ресурстарын электрондук алып жүрүүчүлөрдө түзүү, окутуунун инфраструктурасын чыңдоо.
4. Ханнс Зайдел Фондунун колдоосун жана башка эл аралык уюмдардын окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу.
5. Инновацияны, заманбап билим берүү концепцияларын, технологияларын жана чет өлкөлүк мыкты тажрыйбаларды жигердүү пайдалануу.
6. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин илимий-маалыматтык жана эксперттик-талдоо жагынан коштоону камсыз кылуу.
7. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу маселелерин илимий талдоого алуу боюнча алдыңкы изилдөө борборуна айлануу.
3. Ишмердиктин артыкчылыктуу багыттары
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын модернизациялоо боюнча милдеттердин комплекси анын ишмердигинин төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттарын аныктайт:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча институттук потенциалды чындоо;
- бардык билим берүү программаларын даярдоонун сапатын жогорулатуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу маселелери боюнча илим-изилдөө ишинин көлөмүн көбөйтүү жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле эксперттик-талдоо кызматтарын көрсөтүү.
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча институттук потенциалды чыңдоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- иштеп жаткан квалификацияны жогорулатуу борборлорунун базасында Ош шаарындагы филиалы, жогорку квалификациядагы окутуучулар штаты, ошондой эле тийиштүү тажрыйбасы бар мамлекеттик кызматкерлерди тартуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу Институтун түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ар кандай категорияларына карата квалификациялык талаптарга ылайык окутуунун сапаттуу программаларын иштеп чыгуу;
- окуу курстарынын мазмунун туруктуу жаңылап туруу, окутуунун озуу принцибин пайдалануу менен жаңы актуалдуу курстарды иштеп чыгуу.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу Институтунун базасында окутуу курстарынын жогору кесиптик жана сапаттык деңгээлин камсыз кылуу үчүн компетенттүү окутуучулар курамын тандоого жана окутуу программаларынын мазмунуна өзгөчө көңүл бурулат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын мамлекеттик заказын түзгөн негизги мамлекеттик органдар катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги менен өз ара так аракеттенүүнүн институттук механизми түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын модернизациялоонун борбордук багыты билим берүүчү бардык программаларда кесиптик даярдоонун сапатын жогорулатуу болуп саналат.
Ал төмөнкү чаралардын эсебинен камсыз кылынат:
- окутуунун заманбап концепцияларынын негизинде окутуунун жогорку сапатын камсыз кылуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү, окутуунун инновациялык ыкмаларын жана технологияларын киргизүү;
- магистрдик даярдоо окуу планына социалдык жана экономикалык процесстерди башкаруунун заманбап теориясы жана практикасы боюнча окуу сабактарын киргизүү;
- билим берүү программаларынын тизмесин жана мазмунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын адистешүүсүнүн реалдуу керектөөлөрүнө ылайык келтирүү;
- окутуунун сапатына талаптарды жогорулатуу, студенттердин, магистранттардын жана окутуучулардын жоопкерчилигин күчөтүү;
- адистик эмес билим берүү программаларын, ошондой эле окутуунун салттуу сырттан окуу формасын этап-этабы менен кыскартуу;
- профессордук-окутуучу курамды кесиптик өнүктүрүү Борборун түзүү;
- дарстарды окуу үчүн чет өлкөлүк профессорлорду чакыруу.
Бардык билим берүүчү программаларда даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар ошондой эле төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Ханнс Зайдель Фондунун жана башка эл аралык уюмдардын колдоосун натыйжалуу колдонуу;
- эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялануу, Болонья процессинин механизмдерин жана усулдарын колдонуу;
- айрым билим берүүчү программаларды даярдоо жана эл аралык аккредитациялоодон өткөрүү;
- окугандардын тил жагынан даярдыгына, кээ бир сабактарды мамлекеттик жана чет тилдерге окутууга көңүлдү бурууну жогорулатуу;
- дистанциялык окутуунун ыкмаларын жана технологияларын колдонуу;
- окуу ресурстарын электрондук алып жүрүүчүлөрдө андан ары көбөйтүү, окуу бөлүмдөрүнүн веб-сайттарын түзүү;
- чет өлкөлүк университеттердин бүтүрүүчүлөрүн сабак берүүгө, ошондой эле КРПБА окутуучуларын чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында стажировкадан өтүүгө тартуу;
- окутуучулардын ишинин натыйжалуулугун баалоо, алардын эмгегине окутуунун сапатына, илимий-педагогикалык иштин натыйжалуулугуна жараша акы төлөө системасын түзүү;
- эл аралык билим берүүчү жана илимий программаларда жана долбоорлордо жигердүү катышуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат үчүн кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо жагында Евразиялык өнөктөш-өлкөлөрдүн ассоциациясынын алкагында кызматташууну өнүктүрүү;
- белгилүү саясатчылар, окумуштуулар, маданият ишмерлери жана КРПБА жана чет өлкөлүк университеттердин бүтүрүүчүлөрү менен илимий конференцияларды, семинарларды, жолугушууларды туруктуу өткөрүү;
- окугандардын чөйрөсүнө, окутуучулардын жана кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө ак ниеттүү башкаруу, этикалык жогорку стандарттар жана маданият принциптерин алга илгерилетүү.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу маселелери боюнча илимий-изилдөө иштеринин көлөмүн көбөйтүү жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле илимий-маалыматтык жана эксперттик-талдоо кызмат көрсөтүүлөрү төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыз кылынат:
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын модернизациялоо: теориялык жана колдонмо аспекттер" атуу бирдиктүү илимий-изилдөө темасын иштеп чыгуунун;
- окутуучулардын, магистранттардын, аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн илимий-изилдөө темаларынын өлкөнү мамлекеттик жана башкаруу системасынын реалдуу көйгөйлөрү менен байланыштыруунун;
- иштеп жаткан инновациялар жана маалыматтык-талдоо Институтунун базасында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу көйгөйлөрүн Изилдөө институтун түзүүнүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Мамлекеттик кадр кызматынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин ишмердүүлүгүн илимий-маалыматтык жана эксперттик-талдоо жагынан колдоонун;
- жогорку билим берүү көйгөйлөрү боюнча координациялык жана эксперттик ишти, ошондой эле республиканын жогорку окуу жайларында жүргүзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө илимий-изилдөөлөрдү өткөрүүнүн.
Модернизациялоонун артыкчылыктуу багыттарында ишмердүүлүк КРПБАнын уюштуруучулук түзүмүн оптималдаштыруу жана материалдык базаны чыңдоо менен коштолот.
КРПБА мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жагында кадрларды даярдоону жүзөгө ашырган республиканын жогорку окуу жайлары менен кызматташууну улантат, тактап айтканда алар менен бирдикте тийиштүү Улуттук ассоциацияны түзөт.
4. Концепцияны жүзөгө ашыруу
Концепцияда белгиленген милдеттердин аткарылышы 2015-жылга чейинки узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү Стратегияларды жана Программаларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун негизинде этап менен жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-аракети төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- билим берүү, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды сактоого;
- мамлекеттик кадрдык саясатка, мамлекеттик кызматты модернизациялоого жана мамлекеттик башкарууну реформалоого шайкеш келүүгө;
- мамлекеттик кадрдык саясатты жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдар менен макулдашып координациялоого жана иш алып барууга;
- финансылоонун көп каналдуулугуна, эл аралык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн жана донордук уюмдардын долбоорлорун пайдаланууга;
- долбоордук жана программалык мамилелерди колдонууга;
- инновацияларды, илимдин жетишкендиктерин жана өлкө менен чет мамлекеттердеги башкаруучулук билим берүү тажрыйбасын пайдаланууга.
Мамлекеттик органдардын деңгээлинде төмөнкүдөй милдеттерди чечүү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын модернизациялоо максатына жетишүүгө көмөк көрсөтөт:
- мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматчыларын окутууда болгон керектөөлөрдү иликтөө системасын түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууну адекваттуу ресурстук жактан камсыз кылуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын статустук мүнөзүн акырындык менен кесиптик кызматка трансформациялоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын Улуттук кадрлар резервинин таасирдүү ишин камсыз кылуу, анын маанисин жана статусун жогорулатуу;
- Окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле ушул чөйрөдөгү донордук жардамды координациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу боюнча Кеңешти кайра түзүү.
Ушул Концепцияда аныкталган милдеттерди чечүүнү контролдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы ар бир жылдын биринчи кварталынын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына тиешелүү отчет берип турат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын модернизациялоо Концепциясынын негизги жоболорун жүзөгө ашыруу ага мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө алдыңкы билим берүү, илимий-усулдук жана эксперттик-аналитикалык борбор катары өз позицияларын күчөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, коомдук-саясый өнүгүүсүнө татыктуу салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет.