Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-октябры № 408-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравиясы Королдугунун Өкмөтү ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
Расмий эмес котормо
Преамбула
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Сауд Аравиясы Королдугунун Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу) Чикагодо кол коюу үчүн 1944-жылдын 7-декабрында ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын катышуучулары болуу менен;
Өздөрүнүн аймактарынын ортосунда жана андан сырткары аба катнашын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө макулдашууну (мындан ары "Макулдашуу" деп аталат) түзүүнү каалашып;
төмөнкү жоболор жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Эгер контекст башканы талап кылбаса, бул Макулдашуунун максаты үчүн:
(1) "Конвенция" термини Чикагодо кол коюу үчүн 1944-жылдын 7-декабрында ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана бул Конвенциянын 90-беренесине ылайык кабыл алынган ар кандай Тиркемени, ошондой эле ушул Конвенциянын 90- жана 94-беренелерине ылайык кабыл алынган тиркемелерди жана Конвенцияга баардык оңдоолорду, ушундай тиркемелерди жана оңдоолорду эки Макулдашуучу тарап ратификацияланган же күчүнө кирген даражада камтыйт.
(2) "Авиациялык бийлик" термини Кыргыз Республикасынын Өкмөтү учурунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Сауд Аравиясы Королдугунун Өкмөтү учурунда Жарандык авиациянын башкы башкармалыгын, ошол учурда аталган Авиациялык бийликтер жүргүзүүчү ар кандай функцияны ишке ашырууга ыйгарым укук берилген жакты же органды билдирет.
(3) "Дайындалган компания" термини бул Макулдашуунун 3-беренесине ылайык дайындалган жана ыйгарым укук берилген авиакомпанияны билдирет.
(4) "Тариф" термини жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга төлөнө турган бааларды, ошондой эле бул баалар колдонула турган шарттарды, анын ичинде, почтаны ташуу боюнча сый акыны жана шарттарды кошпогондо, агенттиктер жана башка жардамчы кызматтары үчүн бааларды жана шарттарды билдирет.
(5) "Аймак" термини мамлекет үчүн Конвенциянын 2-беренесинде белгиленген маанини билдирет.
(6) "Аба ташуулар", "Эл аралык абаташуучулар", "авиакомпаниялар" жана "коммерциялык эмес максатта токтоо" терминдери Конвенциянын 96-беренесинде алар үчүн белгиленген маанини билдирет.
(7) "Макулдашуу" термини бул Макулдашууну, анын Тиркемелерин жана аларга карата ар кандай оңдоолорду билдирет.
(8) "Тизмек" термини бул Макулдашууга тиркелген, Аба ташууларды аткаруу үчүн каттамдардын тизмегин, ошондой эле бул Макулдашуунун 16-беренесинин тиркемесине ылайык макулдашылган ага карата ар кандай оңдоолорду билдирет.
(9) "Сыйымдуулук" термини "аба кемесине" карата каттам же каттам бөлүгү боюнча жайгашкан мындай аба кемесинин жүктөлүшүн билдирет.
(10) "Камдуу тетиктер" термини аба кемесине орнотуу үчүн арналган оңдоочу же алмаштыруучу мүнөздөгү деталдарды, анын ичинде кыймылдаткычты билдирет.
(11) "Штаттык жабдыктар" термини учуу маалында аба кемесинин бортунда пайдалануу үчүн арналган борткамдыктардан жана алына турган мүнөздөгү камдуу тетиктерден айырмаланып турган деталдарды билдирет, анын ичинде биринчи жардамды көрсөтүү жана жан сактоо жабдыктары кирет.
(12) "Каражаттар жана аэропорт жыйымдары" термини тийиштүү кызматтарды жана жабдыктарды кошкондо, аба кемелерин, анын экипажын жана жүргүнчүлөрүн аэропорттук жана аэронавигациялык каражаттар менен камсыз кылуу үчүн авиакомпаниялардан алынган жыйымдарды билдирет.
2-берене. Укуктарды берүү
1. Макулдашуучу ар бир тарап Макулдашуучу башка тарапка бул Макулдашууга тиркелген Тизмекте көрсөтүлгөн каттамдар боюнча байма-бай эл аралык аба ташууларын түзүү жана ишке ашыруу максатында бул Макулдашууда көрсөтүлгөн укуктарды берет. Мындай ташуулар жана каттамдар мындан ары тиешелүү түрдө "макулдашылган линиялар" жана "белгиленген каттамдар" деп аталат.
2. Макулдашуучу ар бир тараптын белгиленген авиакомпаниясы(-лары) белгиленген каттам боюнча макулдашылган линияларды пайдаланууда төмөнкү укуктарды колдонот:
(a) башка Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу конуусуз учууларды аткарууга;
(b) көрсөтүлгөн аймактарда коммерциялык эмес максаттарда токтоого; жана
(c) эл аралык жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны бортко кабыл алуу жана түшүрүү максатында, бул Макулдашууга тиркелген Тизмектеги ушул каттам үчүн белгиленген аймактын пункттарында токтоого.
3. Бул Макулдашууга тиркелген Каттамдар тизмегинде көрсөтүлгөн аралык пункттарында жана чектен тышкары пункттарда коммерциялык укуктарды колдонуу Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары тарабынан кароого жана макулдашууга, жана Авиациялык бийликтер тарабынан жактырылууга тийиш.
4. Бул берененин 1 жана 2-пункттары бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына(ларына), башка Макулдашуучу тараптын аймагындагы башка пункттарга акыга ташылган же жалданган жана жеткирилүүчү жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү же почтаны ошол Макулдашуучу тараптын аймагында бортко кабыл алуу укугун берүү катары каралбайт.
3-берене. Авиакомпанияларды дайындоо
1. Макулдашуучу ар бир тарап Макулдашуучу башка тарапка жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу, белгиленген каттамдар боюнча макулдашылган линияларда пайдалануу үчүн бир же андан көп авиакомпанияларды дайындоого укуктуу.
2. Мындай дайындоолорду алганда Макулдашуучу башка тараптын Авиациялык бийликтери бул берененин 3-пунктунун жана 4-берененин 1-пунктунун жоболорун сактоо шарты менен, кечиктирбестен, дайындалган авиакомпанияга(-ларга) тийиштүү пайдалануучу уруксаттарды берет.
3. Макулдашуучу тараптардын биринин Авиациялык бийликтери Макулдашуучу башка тараптын дайындалган авиакомпаниясынан(-ларынан) Конвенциянын жоболоруна ылайык эл аралык аба ташууларды аткарууга карата адатта мындай бийликтер колдонуучу мыйзамдарда жана эрежелерде жазылган шарттарды сактоого жөндөмдүү экендигинин далилдердин көрсөтүүнү талап кыла алат.
4. Авиакомпания дайындалгандан жана уруксатты алгандан кийин, бул Макулдашуунун 15-беренесинин жоболоруна ылайык белгиленген тарифтер бул линияга карата күчүнө кирген шартта макулдашылган линияларды пайдаланууну каалаган убакта баштай алат.
4-берене. Пайдалануучу уруксатты берүүдөн баш тартуу, жокко чыгаруу же колдонууну токтотуп туруу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап пайдалануучу уруксатты берүүдөн баш тартканга же бул Макулдашуунун 2-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуучу башка тараптын дайындалган авиакомпаниясынын укуктарын ишке ашырууну токтотууга, же бул укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл деп эсептеген шарттарды коюуга укуктуу:
(a) каалаган учурда, эгерде бул авиакомпанияны артыкчылыктуу ээлөө жана натыйжалуу контролдоо авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тарапка, же бул Макулдашуучу тараптын жарандарына таандык эмес экендиги далилденбесе, же
(b) укук берген Макулдашуучу тараптын мыйзамдарын жана/же эрежелерин бул авиакомпания аткарбаган учурларда;
(c) эгер авиакомпания бул Макулдашууда жазылган шарттарга ылайык, өзүнүн ишмердигин башкача ишке ашырбаган учурларда.
2. Эгер тезинен чакырып алуу, токтотуу, же бул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарды коюу мыйзамдардын жана/же эрежелердин мындан ары бузулушун болтурбоо үчүн өзгөчө мааниге ээ болбосо, анда мындай укук Макулдашуучу башка тарап менен консультацияларды өткөргөндөн кийин гана колдонулат.
3. Бул берененин жоболоруна ылайык Макулдашуучу тараптардын биринин иш-аракети учурунда бул Макулдашуунун 18-беренесине ылайык Макулдашуучу башка тараптын укуктары чектелбейт.
5-берене. Каражаттар жана аэропорттук жыйымдар
1. Ар бир Макулдашуучу тарап, белгиленген каттамдар боюнча башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы(-лары) тарабынан пайдалануу үчүн өзүнүн аймагында аэропортту же аэропортторду дайындайт жана башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясын байланыш, авиациялык жана метеорологиялык каражаттар, ошондой эле макулдашылган линияларда пайдалануу үчүн зарыл болгон башка кызматтар менен камсыз кылат.
2. Эч бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына(-ларына) колдонуучулардан ушундай эле аба кемелерин жана тийиштүү жабдыктарды жана кызматтарды пайдалануу менен ушундай эле эл аралык ташууларды аткарган өзүнүн дайындалган авиакомпаниясынан(-ларынан) алынган жыйымдардан жогору жыйымдарды салбайт же салууга уруксат бербейт.
6-берене. Бажы жана башка жыйымдардан бошотуу
1. Эл аралык аба ташууларын аткарган Макулдашуучу тараптардын биринин дайындалган авиакомпаниясынан(-ларынан) аба кемеси, ошондой эле күйүүчү май, майлоочу материалдар, бортто сакталган башка пайдаланылуучу техникалык жабдыктар, тетик бөлүктөрү, штаттык жабдыктар жана борт камдыктар башка Макулдашуучу тараптын аймагына келүүдө же чыгууда, бул аймакта учууда алар реэкспорттолгонго же пайдаланылганга же мындай аба кемелеринде керектелгенге чейин аба кемесинин бортунда калат деген шартта бажы алымдарынан, салыктардан жана инспекциялык жыйымдардан жана башка ушул сыяктуу алымдардан же жыйымдардан эки тараптуу негизде бошотулат.
2. Көрсөтүлгөн кызматтарга тийиштүү жыйымдарды кошпогондо, ошондой эле ушуга окшогон алымдардын, жыйымдардан жана төлөмдөрдөн төмөнкүлөр бошотулат:
(a) Макулдашуучу тараптын биринин аймагында, бул Макулдашуучу тараптын бийлиги менен белгиленген чекте, бортко кабыл алынган жана башка Макулдашуучу тараптын эл аралык аба ташууларын аткарган жөнөөчү аба кемесинин бортунда пайдалануу үчүн арналган аба кемесинин борт камдыктары;
(b) башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларынын эл аралык аба ташууларында пайдаланылган аба кемелерин техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн Макулдашуучу тараптын каалаганынын аймагына алынып келинген камдуу тетиктер;
(c) башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы(-лары) тарабынан эл аралык аба ташуулары үчүн колдонулган жөнөп кетүүчү аба кемелери үчүн арналган күйүүчү, майлоочу материалдар, эгер бул камдыктар бортко кабыл алынган Макулдашуучу тараптын аймагында учуунун участогунда колдонулууга тийиш болсо дагы.
3. Жогоруда 2-пунктта көрсөтүлгөн материалдар реэкспорттолгонго же бажы эрежелерине ылайык башка ыкма менен иштетилгенге чейин бажы органдарынын көзөмөлүндө же контролунда болот.
4. Бир Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу түз транзит боюнча кетип жаткан жана бул максаттарда дайындалган аэропорттун чөлкөмүнөн кетпеген жүргүнчүлөр, жол жүк жана жүктөр жөнөкөйлөтүлгөн контролдон өтөт. Жол жүк жана жүк түз транзиттин мезгилинде бажылык алымдардан жана башка салыктардан бошотулат.
5. Ошондой эле, башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы тарабынан гана пайдалануу үчүн каалаган Макулдашуучу тараптын аймагына алынып келингендеги жол жүк биркалары, авиабилеттери, жүктүн коштомо кагаздары, конуу талондору жана ырааттамалар сыяктуу дайындалган авиакомпаниянын(-лардын) белгилери бар расмий документтер бардык бажы алымдарынан жана салыктардан эки тараптуу негизде бошотулат.
7-берене. Макулдашылган линияларды пайдаланууну жөнгө салуу принциптери
1. Эки Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына(-ларына) белгиленген каттамдар боюнча макулдашылган линияларды пайдалануу үчүн адилеттүү жана тең мүмкүнчүлүктөр берилиши керек.
2. Макулдашылган линияларды пайдаланууда ар бир Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниясы(-лары) ошол каттамда же бөлүгүндө анын ташууларга өзгөчө терс таасирин жаратпоо менен башка Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын кызыкчылыктарын эске алат.
3. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниясы(-лары) тарабынан макулдашкан линиялардагы кызмат көрсөтүүнүн негизги максаттары болуп авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тараптын аймагы менен башка Макулдашуучу тараптын аймагынын ортосунда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны ташууда учурдагы жана күтүлгөн муктаждыктарды ташуу үчүн адекваттуу болгон, жүктөмдүн факторунда сыйымдуулукту берүү эсептелет. Кеменин бортуна кабыл алынган жана авиакомпанияны дайындагандан башка мамлекеттердин аймагында белгиленген каттамдардын пункттарында жүктөлгөн, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү, ага почтаны кошуу менен ташууну камсыз кылуунун сыйымдуулугу төмөнкүлөр менен шайкеш келсе Макулдашуучу тараптар ортосунда макулдашылат:
(a) авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тараптын аймагына жана андан ташуулардагы муктаждыктарга;
(b) бул районду түзгөн мамлекеттердин авиакомпаниялары тарабынан белгиленген башка транспорттук кызматтарды эске алуудан кийин, макулдашылган линия өткөн райондогу ташуулардын муктаждыгына:
(c) авиакомпаниялардын түз учууларынын муктаждыктарына.
4. Дайындалган авиакомпанияга(-ларга) адилеттүү жана тең шарттарды берүү үчүн, учуу жыштыктары жана алардын сыйымдуулуктары, ошондой эле учуулардын ырааттамасы эки Макулдашуучу тараптын Авиациялык бийликтери тарабынан жактырылууга тийиш. Бул талаптар макулдашылган линияларга тийиштүү кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда да сакталышы керек.
5. Эки Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери зарыл болсо, учуулардын ырааттамасы, сыйымдуулугу жана учуулардын жыштыгы тууралуу канааттандырарлык макулдашууга жетүү үчүн болгон күчтөрүн жумшайт.
8-берене. Учуулардын ырааттамасын жактыруу
Каалаган Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы(-лары) башка Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине өзүнүн болжолдуу учууларынын ырааттамасын жактыруу үчүн макулдашылган кандайдыр бир линияны пайдалануу күнү башталганга чейин кеминде 60 (алтымыш) күндөн кеч эмес мезгилде берет. Мындай ырааттама аба ташуусунун тибин, пайдаланыла турган аба кемесин, учуулар ырааттамасын жана башка тийиштүү маалыматтарды камтыйт. Ар кандай кийинки өзгөртүүлөрдө ушул эле тартип колдонулат. Өзгөчө учурларда бул мөөнөт, көрсөтүлгөн Авиациялык(1) бийликтер жактырган шартта кыскарышы мүмкүн.
9-берене. Статистиканы берүү
Каалаган Макулдашуучу тараптын Авиациялык бийликтери башка Макулдашуучу тараптын Авиациялык бийликтерине, алардын өтүнүчү боюнча, алардын дайындалган авиакомпаниялары тарабынан макулдашылган линияларда Макулдашуучу тараптын аймагына жана андан ташууларга тиешелүү маалыматтарды жана статистикалык маалыматтарды берет, адатта алар дайындалган авиакомпания(-лары) тарабынан өзүнүн Авиациялык бийликтерине даярдалат жана көрсөтүлөт. Мындай маалыматтар жүктөрдүн көлөмүнүн бөлүштүрүлүүсү, учуу жана дайындалган пункттары тууралуу кеңири маалыматтарды камтыйт. Башка Макулдашуучу тараптын Авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын Авиациялык бийлигинен сурашы мүмкүн болгон ташуулар жөнүндө кошумча статистикалык маалыматтар, алардын өтүнүчү боюнча, эки Макулдашуучу тараптардын ортосунда өз ара талкууланууга жана эки тараптуу макулдашылууга тийиш.
10-берене. Мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуу
1. Бир Макулдашуучу тараптын мыйзамдары жана эрежелери башка Макулдашуучу тараптын аймагына келүү, болуу жана кетүү мезгилинде башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын(-ларынын) аба кемелерин пайдаланууда жана навигацияда колдонулат.
2. Бир Макулдашуучу тараптын анын аймагына жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, жүктүн же почтанын келүүсүнө, болуусуна жана кетүүсүнө, кирүүсүнө, чыгуусуна, эмиграцияга, иммиграцияга, бажыга, валютага, саламаттык сактоого жана карантинге тийиштүү формалдуулуктарды жөнгө салуучу мыйзамдары жана эрежелери башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемелеринде ташылган жүргүнчүлөргө, экипажга, жүктөргө жана почтага, алар көрсөтүлгөн аймактын чегинде болгон мезгилде колдонулат.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап, өтүнүч боюнча, башка Макулдашуучу тарапка бул беренеде көрсөтүлгөн тийиштүү мыйзамдардын жана эрежелердин көчүрмөлөрүн берет.
4. Бул беренеде каралган мыйзамдарды жана эрежелерди колдонууда эч бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына карата өзүнүн авиакомпаниясына кандайдыр бир артыкчылык бере албайт.
11-берене. Түшкөн каражатты которуу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына(-ларына) аймагында жүргүнчүлөрдү, почтаны жана жүктөрдү ташуу менен байланышкан кирешелер алынган Макулдашуучу тараптын чет элдик валютасын алмаштыруу боюнча мыйзамдарына ылайык, түшкөн каражаттарды ийкемдүү которууга укук берет. Мындай которууларга банктык адаттагы жыйымдардан айырмаланган эч кандай жыйымдар алынбайт.
2. Эгер бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына(-ларына) алынган кирешелерди өткөрүп берүүгө чектөөнү белгилесе, кийинкиси ошол Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына карата жооптуу чектөөлөрдү коюуга укуктуу.
3. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынан(-ларынан) аймактарында колдонулган мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык башка Макулдашуучу тараптын аймагында алынган ар кандай түшүүлөр үчүн кирешелерге же макулдашылган линияларды пайдалануудан түшкөн пайдаларга карата эсептелүүчү салыкты төлөөсү талап кылынат.
4. Эгер Макулдашуучу тараптардын ортосундагы төлөмдөр кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынса, анда мындай макулдашуу колдонулат.
12-берене. Учуулардын коопсуздугу
1. Бир Макулдашуучу тараптан берилген же таанылган жана күчүндө калган учууга жарамдуулук тастыктамалары, квалификация тууралуу тастыктамалар жана күбөлүктөр мындай тастыктамалары же күбөлүктөр Конвенцияда белгиленген стандарттарга ылайык берилген же таанылган шартта белгиленген каттамдар боюнча макулдашылган линияларды пайдалануу максатында башка Макулдашуучу тарап аркылуу жарактуу деп таанылат. Ошол эле учурда ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагында учууларды аткаруу үчүн башка Макулдашуучу тарап берген өзүнүн жарандарына квалификациялар жана күбөлүктөр жөнүндө тастыктамаларды таануудан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тарап сактаган учуулардын коопсуздугунун стандарттары тууралуу консультациялардын жол-жобосун өткөрүү жөнүндө мындай өтүнүч менен кайрылгандан кийин отуз (30) күн аралыгында өткөрүлөт деген шартта, аэронавигациялык каражаттарга, учуу экипаждарына, аба кемелерине тийиштүү консультацияларды өткөрүү жөнүндө өтүнүчү менен кайрыла алат. Эгер мындай консультациясынан кийин бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга ылайык белгилене турган минималдуу стандарттарга ылайык келген бул жааттардагы талаптарды жана учуулардын коопсуздугунун стандарттарынын сактабагандыгын жана натыйжалуу колдонбогонун билип калса, ал Макулдашуучу тарап табылган кемчиликтер, ошондой эле ошол коопсуздук стандарттарына дал келтирүү үчүн зарыл деп эсептеген чаралар жөнүндө билдирет, ал эми башка Макулдашуучу тарап отуз (30) күн аралыгында же эки Макулдашуучу тараптардын ортосунда сүйлөшүлгөн мезгил ичинде, оңдоонун тиешелүү чараларын көрөт.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап, эгер белгиленген убакыт ичинде тийиштүү чаралар кабыл алынбаса, башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын пайдалануу уруксатын токтотууга, баш тартууга же жокко чыгарууга укуктуу.
4. (1944-жылы Чикагодо кол коюлган) Конвенциянын 16-беренесине ылайык, пайдаланылган ар кандай аба кемеси же бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык башка авиакомпания менен ижара жөнүндө келишимдин негизинде башка Макулдашуучу тараптын аймагына жана андан аба ташууларын аткаруу үчүн колдонулган жана ушул Макулдашуунун дайындоо жөнүндө жоболоруна ылайык ар кандай Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы ээси болбогон аба кемеси башка Макулдашуучу тараптын мамлекетине же үчүнчү мамлекеттерге таандык болсо, башка Макулдашуучу тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан текшерилүүгө тийиш. Чикаго Конвенциясынын 33-беренесинде эскертилген милдеттенмелерге карабастан, мындай текшерүүнүн максаты болуп аба кемелеринин тийиштүү документтеринин, алардын экипажынын күбөлүктөрүнүн аныктыгын тастыктоо, ошондой эле аба кемесинин учуусун негизсиз токтотууну пайда кылбайт деген шартта, ошол учурда Конвенцияга ылайык белгиленген стандарттарга аба кемесинин жабдыктарынын жана аба кемесинин абалынын шайкештигин ырастоо эсептелет.
5. Эгер авиакомпаниялардын учууларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кийинкиге калтырылбай турган иш-аракеттерди кабыл алуусу зарыл болсо, ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын пайдалануу уруксатын тезинен токтотууга укуктуу.
6. Ар бир Макулдашуучу тараптын жогорудагы 5-пунктка ылайык ар кандай иш-аракеттери, эгер бул чараларды кабыл алуу үчүн негиз жоюлса, алар токтотулат.
13-берене. Авиакомпаниянын коммерциялык өкүлчүлүгү
1. Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына(-ларына), башка Макулдашуучу тараптын келүү, болуу жана ишке орноштурууга тийиштүү мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык, башка Макулдашуучу тараптын аймагында башкаруучулук, техникалык, пайдалануучу жана учурдагы аба ташууларын камсыздоо үчүн талап кылынган башка адистерди тартууга жана ээ болууга укук берилет.
2. Ар кандай дайындалган авиакомпаниянын(-лардын) жер үстүндө тейлөө боюнча ишмердиги башка Макулдашуучу тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык ишке ашырылат, жана эки тараптуу режимде негизделет.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына(-ларына) аба ташууларын тикеден-тике, ошондой эле дайындалган авиакомпаниянын кароосу боюнча агенттер аркылуу сатуу менен иштөөгө укук берет.
14-берене. Авиациялык коопсуздук
1. Макулдашуучу тараптар жарандык авиациянын коопсуздугуна мыйзамсыз киришүү актыларынан коргоо боюнча бири-бирине карата алынган милдеттенмелер бул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгүн түзөөрүн тастыктайт. Эл аралык укуктарга ылайык өзүнүн укуктарын жана милдеттерин жалпы кабыл алууну чектебей туруп, Макулдашуучу тараптар 1963-жылдын 14-сентябрында Токио шаарында кол коюлган Аба кемелеринин бортундагы кылмыш жана башка акттар жөнүндөгү конвенциянын жобосуна, 1970-жылдын 16-декабрында Гаага шаарында кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияга, 1971-жылдын 23-сентябрында Монреаль шаарында кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актылар менен күрөшүү боюнча конвенцияга жана 1988-жылдын 24-февралында Монреаль шаарында кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияны тейлөөчү аэропорттордогу мыйзамсыз зомбулук актыларына каршы күрөшүү боюнча кошумча протоколуна, 1991-жылы Монреалда кол коюлган Пластик жарылуучу заттарды табуу максатында аларды маркировкалоо жөнүндө конвенциясына ошондой эле эки Макулдашуучу тарап тең кошулган, жарандык авиациянын коопсуздугуна тийиштүү ар кандай башка конвенцияларга жана протоколдорго ылайык иштейт.
2. Макулдашуучу тараптар бири-бирине өтүнүч боюнча, жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу актыларын жана мындай аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажын, аэропорттордун жана аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы багытталган башка мыйзамсыз актыларды, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугунун башка коркунучтарын алдын алуу үчүн бардык зарыл жардамды көрсөтөт.
3. Макулдашуучу тараптар өздөрүнүн эки тараптуу мамилелеринде, Эл аралык жарандык авиация уюму белгилеген, авиациялык коопсуздук боюнча жана Макулдашуучу тараптарга колдонулган даражада Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга Тиркеме катары аталган жоболорго ылайык иштейт. Алар дайыма турган жери же негизги иштеген жери аймагында болгон аба кемелеринин пайдалануучулары ушул авиациялык коопсуздук боюнча жоболорго ылайык иштөөнү талап кылат.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап аба кемелерин мындай пайдалануучуларга башка Макулдашуучу тараптын аймагына келүүдө, кетүүдө же болуу мезгилинде бул башка Макулдашуучу тарап колдонгон, жогоруда 3-пунктта эскертилген, авиациялык коопсуздуктун жоболорун сактоо жөнүндө талаптарды коюшу мүмкүн дегенге макул болот. Ар бир Макулдашуучу тарап аба кемелерин коргоо үчүн жана конууга же бортко жүктөгөнгө чейин жана ошол мезгилде жүргүнчүлөрдү, экипажды, кол жүктөрдү, жол жүктү, жүктөрдү жана аба кемесинин борт камдыктарын коргоо боюнча өзүнүн аймагынын чегинде тийиштүү чаралардын натыйжалуу колдонулушун камсыз кылат. Ар бир Макулдашуучу тарап ошондой эле конкреттүү коркунучка каршы күрөшүү боюнча коопсуздуктун негиздүү атайын чараларын кабыл алуу жөнүндө башка Макулдашуучу тараптын ар кандай өтүнүчүн оң багытта карайт.
5. Жарандык аба кемелерин мыйзамсыз тартып алууга жана мындай аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэропортторунун жана аэронавигациялык каражаттарынын коопсуздугуна байланышкан башка мыйзамсыз актылар менен байланышкан инциденттин же инцидент коркунучунун келип чыгышы учурунда Макулдашуучу тараптар мындай инцидентти же анын коркунучун тез жана коопсуз токтотууга багытталган, байланыш каражаттарын колдонуу жолу менен башка тийиштүү чаралар менен бири-бирине жардам көрсөтөт.
15-берене. Тарифтер
1. Макулдашылган линияларда Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниясына(-ларына) колдонула турган тарифтер, пайдалануу чыгымдарын, жакшы пайдаларды, каттамдарда же алардын бөлүмүндө байма-бай ташууларды жүргүзгөн башка авиакомпаниялардын кызматтарынын мүнөздөмөсүн жана тарифтерин кошуу менен, бардык тийиштүү факторлор эске алынып белгиленет.
2. Бул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн тарифтер, мүмкүнчүлүккө жараша, рыноктогу суроо-талаптын жана сунуштун көлөмүнүн негизинде аныкталат.
3. Колдонулган тарифтер эки Макулдашуучу тараптардын Авиациялык бийликтерине эсепке алуу жана рынокто ар кандай кара ниет атаандаштыкка каршы тийиштүү иш-аракеттер үчүн берилет.
4. Тарифтерди колдонуунун кесепети менен байланышкан, рыноктогу кара ниет атаандаштыктын практикасынын айынан Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниясынын(-ларынын) ортосунда кандайдыр бир талаштар жаралган учурунда, талаш бул Макулдашуунун 18-беренесинин жоболоруна ылайык чечилет.
16-берене. Консультациялар жана түзөтүүлөрдү киргизүү
1. Ынак кызматташтыктын духунда эки Макулдашуучу тарап же алардын Авиациялык бийликтери бул Макулдашуунун жоболорун жана ага Тиркемелердин аткарылышын камсыздоо жана канааттандыраарлык сактоо максатында мезгил мезгили менен бири-бирине консультацияларды берет.
2. Эгер кайсы бир Макулдашуучу тарап бул Макулдашуунун кандайдыр бир жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептесе, ал башка Макулдашуучу тарап менен консультацияларды өткөрүүнү сурай алат. Мындай консультациялар сурамды алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күн аралыгында башталат. Мындай ыкма менен макулдашылган ар кандай түзөтүүлөр консультациялык же башка зарыл жол-жоболор аяктагандан кийин дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу менен тастыкталганда күчүнө кирет.
3. Тиркелген Тизмектерден айырмаланган, бул Макулдашуунун жоболоруна гана тийиштүү түзөтүүлөр ар бир Макулдашуучу тараптын өздөрүнүн конституциялык жол-жоболоруна ылайык жактырылат.
4. Тиркелген Тизмектерден жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга гана тийиштүү түзөтүүлөр эки Макулдашуучу тараптардын Авиациялык бийликтеринин ортосунда макулдашылышы мүмкүн. Мындай түзөтүүлөр эки Авиациялык бийлик тарабынан жактырылса күчүнө кирет.
17-берене. Көп жактуу конвенцияларга жана макулдашууларга шайкештиги
Бул Макулдашуу жана анын Тиркемелери Макулдашуучу тараптар үчүн милдеттүү болгон ар кандай көп жактуу конвенцияларга жана макулдашууларга шайкеш келгендей кылып өзгөртүлөт.
18-берене. Талаштарды чечүү
1. Макулдашуучу тараптар ортосунда бул Макулдашууну жана анын Тиркемесин(-лерин) талкуулоо же колдонуу боюнча ар кандай талаштар жаралган учурда Макулдашуучу тараптар аны биринчи кезекте сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салганга аракет кылышат.
2. Эгер Макулдашуучу тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө сала албаса, алар биргелешкен пикир чыгаруу үчүн кандайдыр бир жактарга же органдарга талашты өткөрүп берүү жөнүндө келишимге келиши мүмкүн.
3. Эгер Макулдашуучу тараптар жогорудагы 1- жана 2-пункттарга ылайык жөнгө салууга келе албаса, ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн тийиштүү мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык, экөөсү Макулдашуучу тараптардан дайындалган жана бир суперарбитрден болгон үч арбитрден турган бейтарап сотко талашты өткөрөт. Талаш бейтарап сотко өткөрүлгөн учурда, ар бир Макулдашуучу тарап талаш бейтарап сотко өткөрүлгөндүгү жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күн аралыгында арбитрди дайындайт, жана суперарбитр эки арбитр дайындаган мезгилден тартып кошумча 60 (алтымыш) күн аралыгында аныкталат. Эгер Макулдашуучу тараптардын бирөө өзүнүн арбитрин көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде дайындай албаса, же дайындалган арбитрлер суперарбитрди көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде дайындоо жөнүндө макулдашууга келише албаса, ар бир Макулдашуучу тарап Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун кеңешинин Президентинен арбитрди дайындабаган Тараптык арбитрин же суперарбитрди дайындоо тууралуу ошол учурдагы жагдайга жараша өтүнөт. Бул учурда суперарбитр, дайындалган мезгилде эки Макулдашуучу тарап менен дипломатиялык мамилеси бар мамлекеттин жараны болуп саналат.
4. Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун кеңешинин Президенти тарабынан суперарбитр дайындалган учурунда, эгер Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун кеңешинин Президенти аталган функцияны аткара албаса же эгер ал Макулдашуучу тараптардын биринин жараны болуп эсептелсе, анда дайындоону Вице-президент ишке ашырат жана эгер Вице-президент дагы аталган функцияны аткара албаса, же ал ошондой эле Макулдашуучу тараптардын биринин жараны болуп эсептелсе, дайындоо Макулдашуучу тараптардын биринин жараны болуп эсептелбеген, Кеңештин ага мүчөсү тарабынан ишке ашырылат.
5. Макулдашуучу тараптар менен макулдашылган башка жоболорду сактоодо, бейтарап сот өзүнүн жол-жоболорун жана бейтарап териштирүүнү өткөрүү ордун аныктайт.
6. Бейтарап соттун чечими Макулдашуучу тараптар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
7. Арбитрларды сыйлоону жана чыгымдарды кошкондо, бейтарап соттун чыгымдары Макулдашуучу тараптар ортосунда тең бөлүштүрүлөт. Бул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөндөй суперарбитрди жана/же дайындабаган тараптын арбитрин дайындоо менен байланышкан Кеңеш тарабынан келтирилген ар кандай чыгымдар бейтарап соттун чыгымдар бөлүгү катары каралат.
19-берене. Бузуу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тарапка бул Макулдашууну бузуу жөнүндө өзүнүн чечими тууралуу жазуу жүзүндө каалаган учурда билдире алат. Мындай билдирме бир эле маалда Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна жөнөтүлөт.
2. Мындай учурда Макулдашууну колдонуу, эгер колдонууну токтотуу жөнүндө билдирме эки тараптуу макулдашуу менен бул мөөнөттүн бүтүшүнө чейин кайра кайтарылбаса, башка Макулдашуучу тараптан мындай билдирмени алган күндөн он эки (12) ай өткөндөн кийин токтотулат. Башка Макулдашуучу тараптан билдирмени алгандыгы жөнүндө ырастоо жок болсо, анда Жарандык авиациянын эл аралык уюму билдирмени алган күндөн он төрт (14) күндөн кийин билдирме алынды деп эсептелинет.
20-берене. ИКАОдо каттоо
Бул Макулдашуу жана ага түзөтүүлөр Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда катталат.
21-берене. Күчүнө кириши
Бул Макулдашуу ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптан бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик зарыл болгон жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу дипломатиялык каналдар боюнча акыркы билдирмени алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Муну ырастоо үчүн төмөндө кол койгон, өздөрүнүн өкмөттөрү тарабынан ыйгарым укук берилген ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ушул Макулдашууга кол коюшту. Каттамдардын тизмеги бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
________________ ___________________, араб, англис, кыргыз жана орус тилдеринде экиден түп нускаларда түзүлдү, бардык тексттер бирдей жана ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн колдонуусу үчүн ар бир тилдеги тексттин бирден түп нускаларын өздөрүнө калтырат. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
(1) Англ. тексти караңыз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Сауд Аравиясы Королдугунун Өкмөтү үчүн |
|
| Тиркеме |
Бөлүм (I): Кыргыз Республикасынын дайындалган авиакомпания(-лары) менен аба ташуулары аткара турган каттамдар.
Учуп чыгуу пункту | Аралык пункттар | Сауд Аравиясы Королдугундагы пункттар | Тышкаркы пункттар |
Кыргыз Республикасындагы ар кандай пункттар | Ар кандай пункттар | Джидда, Эр-Рияд, Даммам жана Медина | Ар кандай пункттар |
Бөлүм (2): Сауд Аравиясы Королдугунун дайындалган авиакомпаниясы(-лары) менен аба ташуулары аткара турган каттамдар.
Учуп чыгуу пункту | Аралык пункттар | Дайындоо пункттары | Тышкаркы пункттар |
Сауд Аравиясы Королдугундагы ар кандай пункттар | Ар кандай пункттар | Бишкек, Ош, Ысык-Көл облусу, Тамчы айылы, Каракол | Ар кандай пункттар |
Бөлүм (3): Эки Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниясы(-лары) пайдалана турган каттамдар боюнча эскертүүлөр.
(1) Ар бир дайындалган авиакомпания(-лар), эгер эки Макулдашуучу тараптардын ортосунда бул жөнүндө макулдашуу түзүлсө, бешинчи эркиндиктин коммерциялык укуктары бул пункттар менен башка Макулдашуучу тараптын аймагынын ортосунда колдонулат деген шартта, ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн аралык пункттарды жана тышкаркы пункттарды тейлей алат.
(2) Белгиленген каттамдар боюнча аралык пункттар жана тышкаркы пункттар, дайындалган авиакомпаниянын(-лардын) каалоосу боюнча ташуулар авиакомпанияны(-ларды) дайындаган Макулдашуучу тараптын аймагында башталат жана бүтөт деген шартта, айрым же бардык учууларды аткарууда өткөрүлүп жиберилиши мүмкүн.