Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 8-октябры № 413-б
Кумтөр кенинде жана анын жанындагы участоктордогу алтындын жана башка баалуу металлдардын запастарын баалоо жана тактоо максатында:
1. Кумтөр кенинде жана анын жанындагы участоктордогу алтындын жана башка баалуу металлдардын запастарын баалоо жана тактоо боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Мамлекеттик комиссия бир айлык мөөнөттүн ичинде Кумтөр кенинде жана анын жанындагы участоктордогу алтындын жана башка баалуу металлдардын запастарына баалоо жүргүзүп, тактасын жана Кумтөр кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү үчүн шарттарды иштеп чыгууда андан ары пайдалануу максатында иштин жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
3. Мамлекеттик комиссиянын жетекчисине зарыл учурда министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, администрациялык ведомстволордон жана аткаруучу бийликтин башка органдарынан керектүү маалыматты сурап алууга, ошондой эле аталган мамлекеттик органдардын адистерин жана көз каранды эмес эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери Мамлекеттик комиссиянын ишине жардам көрсөтүшсүн.
5. Мамлекеттик комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык pecуpcтap боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-октябрындагы № 413-б буйругуна тиркеме |
Зилалиев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы; |
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Асанов С.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары; |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Шаршеналиев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Укубаев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жер казынасын пайдалануу боюнча саясат бөлүмүнүн башкы адиси; |
Шаболотова З.Ф. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтык ресурстар башкармалыгынын башкы адиси; |
Никоноров B.B. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн кыргыз методикалык экспедициясынын болжолдоо партиясынын начальниги; |
Малухин И.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн кыргыз методикалык экспедициясынын башкы геологу; |
Жаныбеков А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Абдрахманов С.У. | - | "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Женчураева Р.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Оселедько Л.A. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Вдовин Г.К. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Усубалиев Т.Э. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Туляев Р.Т. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Шейфель Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология башкармалыгынын башкы адиси, Мамлекеттик комиссиянын катчысы. |