КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-июну ПБ № 97
З.К.Тиленов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары - Башкы штабдын зардалы полковник Ч.К.Турусбековдун аскердик тартипти бузгандыгынын фактылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигине өз убагында маалымат бербегендиги жана тартип жаза чарасын колдонбогондугу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартип Уставынын 75-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин кол башчысы генерал-майор З.К.Тиленовго сөгүш жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |