Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-октябры № 419-б
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүнде протоколдун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине принциптуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун долбоорлоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар деп аталуучу) аскердик кызматташтыкты бекемдөө максатында, узак меөнөттүү достук мамилелерди өнүктүрүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого колдоо көрсөтүүнүн алкагында, төмөнкүлөр женүндө макулдашты:
1- берене Максаты
Түркия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, аскердик финансылык кызматташтыктын алкагында АКШ долларынын эквивалентинде 1 900 ООО (бир миллион тогуз жүз миң) түрк лирасы өлчөмүндөгү акча каражатын грант түрүндө бөлүп берет. АКШ долларынын эквивалентиндеги 1 700 ООО (бир миллион жети жүз миң) турк лирасы елчөмүндегү сумма Туркиянын коргоо ендүрүшүнүн продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууну каржылоо үчүн пайдаланылат жана АКШ долларынын эквивалентиндеги 200 000 (эки жүз миң) түрк лирасы ушул Макулдашуу түзүлгөндөн кийин кол коюлуучу Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол күчүне киргенден кийин берилет.
2- берене Пайдалануу чөйрөсү
АКШ долларынын эквивалентиндеги 1 700 000 (бир миллион жети жуз миң) түрк лирасы елчөмүндөгү сумманы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркиянын коргоо өндүрүшүнүн ишканалары тарабынан берилуүчү продукцияларды жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну каржылоо үчүн пайдаланат жана АКШ долларынын эквивалентиндеги 200 000 (эки жүз миң) түрк лирасы Түркия Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу финансылык жардам катары Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун алкагында берилет.
3- берене
Компетенттүү жана координациялоочу органдар
Ушул Макулдашуу Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аткарылат. Туркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргыз Республикасындагы Туркия Республикасынын Элчилигине караштуу Аскердик атташенин Аппараты ушул Макулдашууну аткаруу боюнча координациялоочу органдар болушат.
4-берене Ишке ашыруу принциптери
1. АКШ долларынын эквивалентиндеги 1 700 ООО (бир миллион жети жүз миң) турк лирасы өлчөмүндөгү акча каражаты Туркиянын коргоо өндүрүшүнүн продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууну ишке ашырган учурда берилет:
а) эгерде сатып алынуучу продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү АКШ долларынын эквивалентиндеги 1 700 000 (бир миллион жети жүз миң) турк лирасы елчөмүндөгү сумманы түзсө же аталган суммадан ашып кетсе, анда АКШ долларынын эквивалентиндеги 1 700 000 (бир миллион жети жүз миң) турк лирасы өлчөмүндөгү сумманын 100 пайызы гана төлөнөт;
б) эгерде продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы АКШ долларынын эквивалентиндеги 1 700 000 (бир миллион жети жүз миң) турк лирасынан аз болуп калса, анда ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Борбордук Банк Туркиянын Улуттук коргоо министрлигинин көрсотмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөту көрсөткөн компаниянын банктык эсебине акча каражаттарын которот жана сатылып алынган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдун жалпы көлөмүн накталай толем формасында төлөп берет.
2. Ушул Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген акча каражаттары ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнун ичинде пайдаланылууга тийиш.
Пайдаланылбаган акча каражаттары Туркия Республикасынын Мамлекеттик казнасына кайтарылат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөту сатып алууларды ишке ашыруу учун Туркия Республикасына келгенге чейин Туркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигине керектуу каражаттардын тизмегин (артыкчылыктуу аталыштарды көрсетүү менен) бериши керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Туркиянын коргоо өндүрүшү ишканаларынан Туркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги менен тизмеги алдын ала макулдашылган керектуу продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу процессии ишке ашырат.
4. Туркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен контракт түзгөн Туркиянын коргоо өндүрүшү ишканасынын банктык эсебине акча каражаттарын которуу төмөнкү шарттар аткарылгандан кийин жүргузүлөт:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын коргоо өндүрүшү ишканасынын ортосунда түзүлгөн контрактка кол коюу жана милдеттенмелерди аткаруу;
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнен сатып алынган продукцияларды кабыл алуу-өткөрүп берүү жол-жоболору бүткөндүгү жөнүндө билдирүүнү алуу.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкметү тарабынан сатып алынуучу продукциялардын наркы берилген финансылык булактын өлчөмүнен ашып кетсе, анда копгумча каражаттарды тартуу зарылдыгы келип чыгат. Түркия Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуу менен белгиленген суммадан наркы ашып кеткен продукцияны төлөп бербейт.
6. Бөлүнгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү, таңгактоо жол-жоболору, жүктөрдү жүктөө, ташуу, жеткирүү, камсыздандыруу төлөмдөрү, окутуу маселелери, командировкалык жана суткалык чыгымдар, салыктар, алымдар, банктык кармап калуулар жана валюта курсундагы айырмалар менен түздөн-түз байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын коргоо өндүрүшү ишканасынын ортосунда түзүлгөн контрактта көрсөтүлүшү керек.
7. Сатып алууларды жүргүзүү максатындагы визиттер ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин бул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн ушул процесс (визит) менен байланышкан чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жабылат.
8. АКШ долларынын эквивалентиндеги 200 ООО (эки жүз миң) түрк лирасы ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын ортосунда өзүнчө кол коюлууга тийиш болгон Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколго ылайык берилет.
9. Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун алкагында берилүүчү акча каражаттары Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин банктык эсебине которулушу керек.
5-берене
Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлердү колдонуу укугу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун алкагында Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн акча каражатына сатып алынган жана көрсөтүлгөн продукцияны алган органдардын балансынан чыгарылган, аскердик продукцияларды сатуудан түшкөн каражатты Түркия Республикасынын Өкмөтү аныктаган банктык эсепке которууга милдеттенет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун алкагында берилген продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле аларды пайдалануу укугун Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн алдын ала макулдугу жок үчүнчү Тарапка бербөөгө милдеттенет.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын ортосунда түзүлгөн башка эл аралык макулдашууларды чектебейт жана башка мамлекеттердин укуктарына, коопсуздугуна, аймактык бүтундүгүнө каршы колдонулбашы керек.
6-берене Жашыруун маалыматты коргоо
Ар бир тарап ушул Макулдашуунун маалымдарын жана тараптар бири-бири менен алмаша турган жашыруун маалыматты үчүнчү Тарапка, компанияга же адамга экинчи Тараптын макулдугу жок ачпоого милдеттенет. Купуялуулуктун бул принциби ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы күчүндө болот.
7- берене
Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун же чечмелөөнүн жүрүшүндө талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда эл аралык сотту, арбитражды же үчүнчү тараптарды тартууга жол берилбейт. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыш маселелер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилиши керек.
8- берене Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Ар бир Тарап ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарын киргизе алат. Жазуу жүзүндегү билдирүүнү алгандан кийин 30 күндүн ичинде Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек.
Тараптар менен макулдашылган жана жазуу жүзүндө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыктар чыкпаса, ушул Макулдашуунун 10-беренесине ылайык бул Макулдашуу өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдун жүрүшүндө Тараптар ушул Макулдашууда каралган өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну улантышат.
9- берене Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын бүтүргөндүгү жөнүндө акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган учурдан баштап күчүнө кирет.
10-берене Колдонуу жана токтотуу мөөнөтү
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жыл күчүндө болот, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаттары толук пайдаланылса, анда ушул Макулдашуунун күчү жазуу жүзүндөгү акьфкы ырастоочу билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган учурдан тартып токтотулат.
Эгерде Тараптардын бири, экинчи Тарап ушул Макулдашуунун жоболорунун талаптарын сактабай жатат деп эсептесе, ал консультацияларды жүргүзүүнү жазуу жүзүнде сунуштай алат, бул жазуу жүзүндө билдирүүнү алгандан кийин 30 күндүн ичинде башталат. Эгерде 45 күндүн ичинде макулдашууга жетишилбесе, Тараптардын кимиси болбосун 60 күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберүү жолу менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
Ар кандай себептер менен Макулдашууну колдонууну токтотуу ушул Макулдашуунун 5-беренесинин жоболоруна таасирин тийгизе албайт.
11-берене Текст жана кол коюу
Ушул Макулдашуу эки нускада, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде даярдалды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Жогоруда аталгандардын алкагында ушул Макулдашууга эки Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан Түркиянын Анкара шаарында 201 жылдын " " _ кол коюлду.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН
КОЛУ:
ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН
КОЛУ:
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар деп аталуучу), жылы кол коюлган Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында бөлүнгөн финансылык жардамды өздөштүрүү максатында төмөнкү беренелер боюнча макулдашты:
1- берене Максаты
Ушул Протоколдун максаты болуп Туркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө грант түрүндө берилүүчү АКШ долларынын эквивалентиндеги 200 ООО (эки жүз миң) түрк лирасы суммасындагы финансылык жардамды өздөштүрүү принциптерин аныктоо эсептелет. ^
2-берене Пайдалануу чөйрөсу
Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү финансылык жардам Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн окуу курстары жана Туркия Республикасына болгон визиттери менен байланышкан чыгымдарды жабуу учун, Бельгиянын Монс шаарындагы НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" координациясы боюнча топтогу Кыргыз Республикасынын расмий өкүлүн камсыздоого, ошондой эле башка чыгымдарга пайдаланылат.
3-берене
Ишке ашыруу принциптери
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилүүчү акча каражаттары Протоколдун 8-беренесинин 1-пунктунда белгиленген Протоколду колдонуу мөөнөтүнүн ичинде пайдаланылууга тийиш.
Пайдаланылбаган акча каражаттары Түркия Республикасынын Мамлекеттик казынасына кайтарылат.
2. АКШ долларынын эквивалентиндеги 200 ООО (эки жүз миң) түрк лирасы өлчөмүндөгү сумма Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн окуу курстары жана Туркия Республикасына болгон визиттери, Бельгиянын Монс шаарындагы НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" координациясы боюнча топтогу Кыргыз Республикасынын расмий өкүлүнүн
жашоосу менен байланышкан чыгымдарды жабуу учүн, ошондой эле башка чыгымдарга багытталган.
Бул сумма Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын чыгымдарын төмөнкү пункттар боюнча төлөө үчүн пайдаланылат:
а) "Тынчтык учүн өнөктөштук" окуу борборунда жана Террорчулук менен күрөшүүнү өркүндөтүү борборунда өткөрүлүүчү курстарга катышуучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтерүнүн екүлдөрүнүн чыгымдары - АКШ долларынын эквивалентиндеги 82 400 (сексен эки миң төрт жүз) турк лирасы;
б) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн Түркия Республикасына расмий визиттери менен байланышкан чыгымдар - АКШ долларынын эквивалентиндеги 30 ООО (отуз миң) турк лирасы;
в) Бельгиянын Монс шаарындагы НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" координациясы боюнча топтогу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлү - байланыш офицеринин чыгымдары - АКШ долларынын эквивалентиндеги 57 600 (элуу жети миң алты жүз) турк лирасы;
г) башка чыгымдар - АКШ долларынын эквивалентиндеги 30 000 (отуз мин) турк лирасы.
3. Ушул Протоколдо каралган акча каражаттары Туркиянын Улуттук коргоо. министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы Туркия Республикасынын Аскердик атташеси аныктаган банктык эсепке которулат. Бул сумма Кыргыз Республикасындагы Туркия Республикасынын Аскердик атташесинин контролунун алдында Түркия Республикасынын Башкы штабынын керсөтмөлөрүнө ылайык пайдаланылат.
4. Зарыл болгон учурда Туркия Башкы штабы белгиленген пункттардын арасында каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү жүргүзүшү мүмкүн.
4- берене Жашыруун маалыматты коргоо
Ар бир тарап ушул Протоколдун маалымдарын жана Тараптар бири-бири менен алмаша турган жашыруун маалыматты үчүнчү Тарапка, компанияга же адамга экинчи Тараптын макулдугу жок ачпоого милдеттенет. Купуялуулуктун бул принциби ушул Протоколдун колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы күчүндө болот.
5-берене
Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1. Ушул Протоколду ишке ашыруунун же чечмелөөнүн жүрүшүндө талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда эл аралык сотту, арбитражды же учунчу тараптарды тартууга жол берилбейт. Бул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыш маселелер сүйлешүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилиши керек.
2. Бул Протоколдо каралбаган маселелер боюнча жылы кол коюлган Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиешелүү жоболору колдонулат.
3. Ушул Протоколдун жоболору Тараптардын башка эл аралык макулдашууларынан келип чыккан укуктарын жана милдеттенмелерин чектебейт.
6- берене
Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
1. Ар бир Тарап ушул Протоколго өзгертүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарын киргизе алат. Жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин 30 күндүн ичинде Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү башташы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жана жазуу жүзүндө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Протоколдун 7-беренесине ылайык күчүнө кирет.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыктар чыкпаса, ушул Протоколдун 8-беренесине ылайык бул Протокол өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Протокол менен каралган езүнүн милдеттерин аткарууну улантышат.
7-берене Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Протокол анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын бүтүргөндүгү жөнүндө акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган учурдан тартып күчүнө кирет.
8-берене
Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
1. Ушул Протокол 5 (беш) жыл күчүндө болот, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаттары толук пайдаланылса, анда бул Протоколдун күчү акыркы ырастоочу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган учурдан тартып токтотулат.
2. Эгерде Тараптардын бири, экинчи Тарап ушул Протоколдун жоболорунун талаптарын сактабай жатат деп эсептесе, ал консультацияларды жүргүзүүнү жазуу жүзүндө сунуштай алат, бул жазуу жүзүндө билдирүүнү алгандан кийин 30 күндүн ичинде башталат. Эгерде 45 күндүн ичинде макулдашууга жетишилбесе, Тараптардын кимиси болбосун 60 күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберүү жолу менен ушул Протоколдун колдонулушун токтото алат.
9-берене Текст жана кол коюу
Ушул Протокол эки нускада, ар бири кыргыз, орус, турк жана англис тилдеринде даярдалды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Муну ырастап, эки Тараптын өкмөттөрү тарабынан ыйгарым укук берилген төмөнкү кол койгон өкүлдөр ушул Протоколго Туркиянын Анкара шаарында 201 жылдын " " кол коюшту.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН
КОЛУ:
ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН
КОЛУ: