Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 17-октябры № 422-б
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын № 64479 аскер бөлүгүнүн күйүүчү-майлоочу материалдар кампасында сакталып турган, мамлекеттин пайдасына алынган, курамына нефритти камтыган 16060 (он алты миң алтымыш) килограмм салмактагы табигый таштарды кабыл алууну жана сатууну камсыздоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууну жана сатууну камсыз кылсын.
3. Ведомстволор аралык комиссия эксперттик топторду түзүүгө жана мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл маалыматты беришсин жана анын ишине көмөктөшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-октябрындагы № 422-б буйругуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын № 64479 аскер бөлүгүнүн КММ кампасында сакталып турган, мамлекеттин пайдасына алынган, курамына нефритти камтыган 16060 (он алты миң алтымыш) килограмм салмактагы табигый таштарды кабыл алууну жана сатууну камсыздоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын КУРАМЫ
Кадыракунов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар департаментинин директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси. |
Ведомстволор аралык комиссия мүчөлөрү: | ||
Үкүбаев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Табигый ресурстар саясаты башкармалыгынын жер казынасын пайдалануу боюнча саясат бөлүмүнүн башкы адиси; |
Мамбетакунов Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү; |
Мусаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын улук оперкызматкери; |
Кумашев Ж.И. | - | Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн сот аткаруучусу (макулдашуу боюнча); |
Ормушева М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү; |
Шефель Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Геология башкармалыгынын башкы адиси; |
Өмүркулов Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин соттук аткаруучулар жана соттор менен өз ара аракеттенүү кызматынын бөлүмчөсүнүн ишин контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Усубалиев М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Сыдыкова А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Укуктук колдоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Дүйшеева Ж.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар департаментинин мамлекеттик сактоочу жайынын бөлүм башчысы. |