Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-октябры № 423-б
Милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын жана камсыздандыруу суммаларын (жоопкерчиликтин чектерин) аныктоо үчүн камсыздандыруу тарифтеринин минималдуу өлчөмдөрүн иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын жана камсыздандыруу суммаларын (жоопкерчиликтин чектерин) аныктоо үчүн камсыздандыруу тарифтеринин минималдуу өлчөмдөрүн иштеп чыгууга ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 6 айлык мөөнөттө милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын жана камсыздандыруу суммаларын (жоопкерчиликтин чектерин) аныктоо үчүн камсыздандыруу тарифтеринин минималдуу өлчөмдөрүн иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы 423-б буйругуна тиркеме |
Давлеткельдиева Ч.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Аткаруу кеңешинин мүчөсү, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Калматова Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандырууну жана топтомо пенсиялык фонддорду өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары; |
Кулумбаев Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандырууну жана топтомо пенсиялык фонддорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси, ведомстволор аралык комиссиянын катчысы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Айтымбетов Э.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өнөр жай, агроөнөр жай комплекси жана транспорт чөйрөсүндөгү монополияны жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги; |
Ниязалиев С.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги; |
Султанбаев У.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандырууну жана топтомо пенсиялык фонддорду өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси; |
Хамзаева А.Д. | - | "Газпромнефть - Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун юридикалык бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Черкашина А.Ю. | - | "Бай түшүм жана Өнөктөштөр" микрокаржылык банкы жабык акционердик коомунун тобокелдик менеджери (макулдашуу боюнча); |
Жанжигитов Ж.А. | - | "БТА Банк" жабык акционердик коомунун каржылык талдоо жана пландаштыруу - бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Бакеева К.Б. | - | "Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин эксперт-талдоочусу (макулдашуу боюнча); |
Токтогул Р. | - | "Кумтөр оперейтинг компани" жабык акционердик коомунун салык жана каржылык саясат боюнча менеджери (макулдашуу боюнча); |
Макарова О.П. | - | "Кыргызстан" камсыздандыруу компаниясы жабык акционердик коомунун юридика бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Иманалиева А.Ж. | - | "Актуарийлердин кыргыз коому" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Т.М. | - | "Актуарийлердин кыргыз коому" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Шаршембиева Ф.К. | - | "Актуарийлердин кыргыз коому" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Назарбаев Ф.Т. | - | "Актуарийлердин кыргыз коому" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Кенжебаев С.М. | - | "Камсыздандыруучулардын кыргыз ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Тезекбаева Д.С. | - | "Кыргызинстрах" чет өлкөлүк камсыздандыруу боюнча кыргыз-орус жабык типтеги биргелешкен камсыздандыруу акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ли И.В. | - | "Мунай зат камсыздандыруу компаниясы" жабык акционердик коомунун актуардык эсептөө боюнча адиси (макулдашуу боюнча); |
Кадырова А.Т. | - | "Мега иншуренс групп" жабык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |