Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-октябры № 424-б
Новосибирск шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 21-23-октябрында өтүүчү "Кыргыз-Орус диалогу - 2013" кыргыз-орус региондор аралык үчүнчү конференциясына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы N 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү:
(*) - Россия Федерациясынын Новосибирск шаарына 2013-жылдын 20-24-октябрында командировкага жиберилет.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 424-б буйругуна тиркеме |
Оторбаев Жоомарт Каипович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегация башчысы; |
Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Иманалиев Каныбек Капашович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кадырбекова Майрамкан Мамытовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Текешов Акимбек Анарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Асанов Сапарбек Жекшебаевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Абдылдаев Дүйшөнбек Рыскулбекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Маралбаев Акылбек Өскөнбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Имаров Аргынбай Төралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Разаков Жеңиш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жунушалиев Туратбек Шаршенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Байгазаков Алимжан Топчубаевич | - | Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Имашов Төрөбек Мырзабекович | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Болот Саякович | - | Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Сагынов Таалайбек Жолдошбекович | - | Бишкек шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Есеналиев Максат Күлчороевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Үсөналиев Бакыт Жолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Бекмурзаев Доскул Жумагулович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат башкармалыгынын начальниги; |
Төлөнөв Данияр Эрмекович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин түштүк боюнча миграциялык саясат башкармалыгынын начальниги; |
Жураев Абубакир Мухтарович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык маалымат башкармалыгынын начальниги; |
Асылбеков Жумабек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын начальниги; |
Асан кызы Айнура | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык секторунун башкы адиси; |
Кожобаев Төлөнбай Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы (Россия Федерациясы) башкы консулу; |
Турдуева Азиза Сүйүнбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы (Россия Федерациясы) вице-консулу; |
Апышов Мээримбек Бердибекович | - | Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы (Россия Федерациясы) вице-консулдугунун атташеси; |
Исамидинов Искендер Чоңмурунович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Дүйшөналиев Туратбек Болотбекович | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Нургазиев Рысбек Зарылдыкович | - | К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Абдыллаева Гүлнара Оморовна | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Электроника жана телекоммуникация институтунун директорунун орун басары; |
Абдувалиев Абдыганы Осмоналиевич | - | Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору (макулдашуу боюнча); |
Беделбаев Аскарбек | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Маданий мурастар тарыхы институтунун жетектөөчү илимий кызматкери (макулдашуу боюнча); |
Плоских Владимир Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Маданий мурастар тарыхы институтунун кол жазма мурастарынын булактарын таануу кабинетинин башчысы; |
Абдылдабек кызы Жаңыл | - | Гендердик изилдөө борборунун директору (макулдашуу боюнча). |
Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү: | ||
Давлеталиев Амангелди Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Сатыбалдиев Ильяс Турсунбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Ирсалиев Канатбек Молдобекович | - | "Кыргыз агро азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы; |
Ногойбаев Алмазбек Бердибекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары; |
Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору; |
Черных Анатолий Серафимович | - | "Кыргызавтомаш" акционердик коомунун Директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кадыркулов Искендер Анарбекович | - | "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бахышев Икрам Мамедович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун изоляция кызматынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Нажимидинов Кутбидин Нийматтилаевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун энергияны экспорттоо жана тышкы рыноктогу маркетинг бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Абдырасулова Гүлзат Аскарбековна | - | "Нарын" эркин экономикалык зонасынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Акматбеков Сталбек Акматбекович | - | "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Дүйшалиев Болот Камчыбекович | - | "Кыргыз-Россия экономикалык кеңеши" ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Гелетюк Иван Дмитриевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай брокерлери ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Асаналиев Турусбек Үсөнбекович | - | "БИО-БАН KG" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Исаев Вячеслав Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Тоо кен өнөр жайчылар гильдиясынын төрагасы, "Спектр" өнөр жай компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Борцова Светлана Валерьевна | - | "ЭкоПартнер" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Колесников Станислав Иванович | - | Кыргыз Республикасынын Автодилерлер гильдиясынын төрагасы, "Азияавтоцентр" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Фаттахова Альфия Шавкатовна | - | Мекендештер гилдиясы ассоциациясынын аткаруучу директору; |
Кожогулов Бакытбек Камчыбекович | - | "Кен-Тоо" долбоорлоо-изилдөө борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Жүзүмалиева Күлүйпа Жүзүмалиевна | - | "Ак-Жалга" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Маатказиев Камбар Кадыралиевич | - | "Абада трейд" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Кайназарова Шарипа Эргешовна | - | "Кайназарова Ш.Э." жеке ишканасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Тугунтаев Геннадий Инжитаевич | - | "Фармахим-К" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Шалпыков Кайыркул Түнкатарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Фитотехнология инновациялык борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Эгембердиева Гулаим Чолпонбаева | - | "Береке" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Сарыгулов Султан Исламович | - | Кыргызстандын Органикалык кыймыл федерациясынын координатору (макулдашуу боюнча); |
Медетбеков Шамшыбек Осмонкулович | - | Кыргыз-Россия Ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |