Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-марты № 127-т
Кыргыз Республикасынын чегинде жана чегинен сырткары "А" литердик каттамдардын учууларын аткарууга бюджеттик каражаттарды финансылык камсыздоону жана сарамжалдуу пайдаланууну тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы № 429-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1, 2-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |