Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-октябры № 431-б
Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен:
1. Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 1-тиркемеге ылайык курамда экспедиция жиберилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2-тиркемеге ылайык тизме боюнча эл керектөөчү товарларды жана азык-түлүктөрдү мамлекеттик материалдык резервден брондон чыгарсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкүлөрдү каржыласын:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, автотранспортту ижарага алууга, брокердик компаниялардын эл керектөөчү товарларды жана азык-түлүктү декларациялашына, күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланыштуу 1556431 (бир миллион беш жүз элүү алты миң төрт жүз отуз бир) сом суммадагы чыгымын жабуу үчүн, 2013-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун, ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик резервдеги номенклатуралык товардык-материалдык баалуулуктардын ордун толуктоо үчүн, 2239595 (эки миллион эки отуз тогуз миң беш жүз токсон беш) сом суммада, 2013-жылга республикалык бюджетте каралган атайын каражаттын чегинде.
4. Экспедиция мүчөлөрүнүн Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памирине барышына байланыштуу чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык, жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 431-б буйругуна 1-тиркеме |
Бакиров Мирлан Исакбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, экспедициянын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Исаков Бактыбек Ырысбаевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары, экспедициянын жетекчисинин орун басары; |
Бараканова Салтанат Нурудиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти (макулдашуу боюнча); |
Турганбаев Нурбек Муратович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча региондук чек ара башкармасынын штабынын начальниги; |
Баев Эркин Кочкорович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коопсуздукту камсыздоо башкы башкармасынын начальниги; |
Рыскелдиев Алмаз Шаршеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин операция-нөөмөт кызматынын начальниги; |
Калматов Данияр Алпаизович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги; |
Кочкорбаев Сагынбек Абдумуталипович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин экинчи секретары; |
Борбугул кызы Айгүл | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин бөлүмүнүн начальниги; |
Раимкулов Эрмек Раимкулович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык башкармасынын начальниги; |
Муратов Акбарали Ырысович | - | Оштогу облустар аралык клиникалык оорукананын реаниматолог врачы; |
Болотова Гүлзат Абыкаевна | - | "Кыргыз Бутагы" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Касылова Айнура | - | "Кыргыз Бутагы" коомдук фондунун кызматкери (макулдашуу боюнча); |
Айтбаев Азамат Айылчиевич | - | "Замандаш" ассоциациясынын координатору (макулдашуу боюнча); |
Дыйканов Уланбек Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын журналисти (макулдашуу боюнча); |
Кариев Алмаз Шамадинович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын оператору (макулдашуу боюнча). |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 431-б буйругуна 2-тиркеме |
№ | Товардын аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Баасы (сом менен) | Суммасы (сом менен) |
1 | Буудай ун, 1-сорт | кг | 20000 | 21 | 420000 |
2 | Аш туз | кг | 1000 | 4,8 | 4800 |
3 | Кир самын (салмагы 230 г) | даана | 3000 | 18,04 | 54120 |
4 | Чатыр | даана | 60 | 20360,21 | 1221612,6 |
5 | Жылуу камуфляж костюмдар | даана | 100 | 2359,5 | 235950 |
6 | Меланж жууркан | даана | 500 | 600 | 300000 |
7 | Брезент | М | 112 | 27,79 | 3112,5 |
| Баардыгы | 2239595 |