Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-ноябры № 443-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына "Сох" анклавынын периметри боюнча инженердик тосуу жабдуулары" курулуш иштери бүтө элек объектисин (аныкталып жазылган тилкелердеги тикенек зым тосмону) белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы белгиленген тартипте:
- "Сох" анклавынын периметри боюнча инженердик тосуу жабдуулары" курулуш иштери бүтө элек объектисин (аныкталып жазылган тилкелердеги тикенек зым тосмону) өткөрүп алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине "Сох" анклавынын периметри боюнча инженердик тосуу жабдуулары" объектисинде (аныкталып жазылган тилкелердеги тикенек зым тосмодо) жасалган курулуш иштеринин акысын төлөсүн.
3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 188-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Божой, Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Кыш-Туут айыл аймагынын Чарбак, Таян, Сай айылдарынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планында:
- 8-пунктундагы "Сох" анклавынын периметри боюнча инженердик тосуу жабдуулары (аныкталып жазылган тилкелерди тикенек зым менен тосуу)" деген сөздөр "Сох" анклавынын периметри боюнча инженердик курулмаларды жана тосмолорду орнотуу" (аныкталып жазылган тилкелер боюнча тикенек зым тосмолорду, аңдарды жана металл кароол секилерди)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 44-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктунда:
экинчи абзацындагы "1-9" деген цифралар "1-7, 9" деген цифраларга алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- 8-пункт боюнча - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы;";
үчүнчү жана төртүнчү абзацтары тиешелүү түрдө төртүнчү жана бешинчи абзацтар деп эсептелсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |