Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-февралы № 44-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 443-б буйругунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого тике байланышы бар чек ара боюндагы аймактарды чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 19-б буйругу менен бекитилген Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Божой, Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Кыш-Туут айыл аймагынын Чарбак, Таян, Сай айылдарынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - Иш-чаралар планы) аткаруу үчүн:
1. Иш-чаралар планында көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоого жана курууга мамлекеттик заказчылар болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- 1-7,9-пункттар боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык курулуш департаменти;
- 8-пункт боюнча - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы;
- 10-14-пункттар боюнча - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- 15-пункт боюнча - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана "Ош электр" ачык акционердик коому.
2. Бул буйруктун 1-пункту менен аныкталган мамлекеттик заказчылар:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын 2-пунктуна ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну бир булактан алуу ыкмасы менен ишке ашырышсын, мында үчтөн кем эмес потенциалдуу подрядчылардын коммерциялык сунуштарын изилдесин жана салыштырсын;
- долбоорлоону жана курууну параллель жүргүзсүн жана 2013-жылдын 1-мартынан кечиктирбестен Иш-чаралар планында көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоого жана курууга каралган каражаттарды иштетүүгө киришсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ишке ашырылган сатып алуулардын натыйжалары жөнүндө маалыматтын өз убагында берилишин камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- мамлекеттик заказчыларга 2013-жылдын республикалык бюджетинде каралган, бекитилген сарптоолорго ылайык объекттерди долбоорлоого жана курууга каражаттарды бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бюджетинен 60,0 (алтымыш) млн. сомду кийин кайра ордуна коюу менен Баткен облусундагы жолдорду курууну каржылоо үчүн "Капиталдык салымдар" беренесине которсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |