Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-ноябры № 444-б
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар менен кызматташуу жаатындагы көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын тизмесин, аларды маанилүүлүгү боюнча категорияларга бөлүү (активдүү, пассивдүү, ж.б.) менен түзсүн.
- Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын алдындагы финансылык милдеттенмелерге тийиштүү талдоо жүргүзсүн (кирген же кошулган учурдан тартып).
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын эл аралык уюмдарга кураторлугу боюнча жана аныкталган көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын, мекемелердин адистерин иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 444-б буйругуна тиркеме |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары; |
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Аданбаев Бердимамат | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын начальниги; |
Алыбаев Адилет Барктабасович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директорунун орун басары; |
Андрешова Сонун Амановна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык секторунун башчысы; |
Апсатаров Эрик Качикеевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Арлиев Азиз Фаритович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин эксперти (макулдашуу боюнча); |
Артыкбаев Адылбек Качкынбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; |
Асанкожоев Нурбек Кубатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин координациялоо жана реформаларды киргизүү башкармалыгынан эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Жуманазарова Асылкан Зулпукаровна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун аппаратынын илимди стратегиялык пландаштыруу жана уюштуруу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Иманбаева Жылдыз Бакытовна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси; |
Иманкулова Жанна Сатовна | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин тышкы байланыш жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы адиси; |
Кадыркулова Аида Келдибековна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын тышкы байланыш жана протокол бөлүмүнүн адиси; |
Курамаев Байкадам Курамаевич | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин эл аралык кызматташтык, гуманитардык жардам жана маалымат башкармалыгынын начальниги; |
Мамбетов Азамат Муратович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги; |
Молдошева Нургүл Адылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин эл аралык байланыш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Мукашев Данияр Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; |
Назарбеков Марслан Турусбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Опузбекова Жанара Болотовна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн улук инспектору; |
Рыскулов Жыргалбек Шаршебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынан жетектөөчү адиси; |
Салиев Нурлан Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин экономика жана финансы башкармалыгынын начальниги; |
Салыкмамбетова Баглан Нурстановна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги; |
Сыдыков Талайбек Төлөмүшевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин тышкы байланыш жана мамлекеттик инвестициялар программасы секторунун башчысы; |
Тагаев Мелис Муктарович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Аппаратынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш, эл аралык мамилелер жана протокол боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Төлөнгүтов Байгабыл Молдошевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоону жөнгө салуу жана экологиялык коопсуздук борборунун директору; |
Шатманова Назик Куватбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын эл аралык кызматташтык секторунун жетектөөчү адиси. |