Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-ноябры № 445-б
Салык салууну администрациялоону өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 445-б буйругуна тиркеме |
Таткулов Т.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Кочкоров У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча). |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Жумалиева Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Айдаралиева Р.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Кадыркулов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдыбалы тегин Сүйөркул | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Исмаилов М.А. | - | Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Красников А.А. | - | салык маселелери боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |