Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-ноябры № 447-б
Төкмө акын Коргол Досу уулунун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:
1. Мааракелик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин, белгиленген мөөнөттө аны ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттар жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 447-б буйругуна тиркеме |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев Султан Акимович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Өмүркулов Иса Шейшенкулович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Жакиев Бексултан Жакиевич | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Шайырбек Абдрахман уулу | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - "ЭлТР" коомдук телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар |
Абыкеев Чолпонбек | - | союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору башкы редактор (макулдашуу боюнча); |
Борбиев Болот Ибраимович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Бусурманкулов Нурлан Өкүмбекович | - | "Коргол ата" коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча); |
Тотонов Нурбек Темирбекович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |