Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-ноябры № 448-б
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы № 162 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өнүктүрүү Программасын эске алып, окутуу системасын өркүндөтүү жана жогорку квалификациялык кадрлар менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү буйрук кылат:
1. Тиркелген: 2014-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга Мамлекеттик тапшырык (мындан ары - Мамлекеттик тапшырык) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын каржыланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына төмөнкү сунуштар берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана башка таламдаш мамлекеттик органдар менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга Мамлекеттик тапшырык жөнүндө жобонун долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу үчүн жогорку билим берүү уюмдарынын арасында конкурстук тандоо жүргүзсүн;
- Мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу башталганда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу процессине жана сапатына туруктуу мониторинг жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги региондук мамлекеттик жогорку окуу жайларын Мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу боюнча конкурска катышууга тартсын.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын билдирмеси (макулдашуу боюнча) боюнча окутуу программаларына ылайык квалификацияны жогорулатуу курстарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жөнөтүүнү камсыз кылышсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 448-б буйругу менен бекитилген |
№ | Курстардын тематикасы | Окугандардын контингенти | Окугандардын саны | |||||||
Бишкек ш., Чүй облусу | Ош ш., Ош облусу | Баткен облусу | Жалал- Абад облусу | Ысык- Көл облусу | Нарын облусу | Талас облусу | Сааттардын саны | |||
1 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуучу машыктыруучулар үчүн курстар: - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусу; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы; - мамлекеттик финансы. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык негиздери; - мамлекеттик башкарууну документтик камсыздоо; - региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү башкаруу; - натыйжалуу башкаруунун көндүмдөрү; - персоналдарды башкаруу; - этнос аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар; - стратегиялык пландоо; - Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо тутуму | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга тартылган региондук жогорку окуу жайларынын окутуучулары, машыктыруучулар | 60 |
|
|
|
|
|
|
40
40
40
40 |
2 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусу: - гендердик саясаттын негиздери; - чечендик өнөрдүн негиздери; - натыйжалуу иштиктүү баарлашуунун психологиясы; - адам ресурстарын башкаруу; - стратегиялык пландоо; - мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо; - этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү; - байланыш көндүмдөрү | Мамлекеттик органдардын статс-катчылары жана аппарат жетекчилери | 50 | 25 |
|
|
|
|
| 72 |
3 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы: - мамлекеттик органдын кызматкерлерин башкаруу; - этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар; - мамлекеттик органдардын персоналдарын башкаруу боюнча заманбап кадрдык жана маалыматтык технологиялар; - мамлекеттик кызмат өтөөнү уюштуруу; - мамлекеттик кызматка гендердик ыкмаларды киргизүү; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү; - байланыш көндүмдөрү | Мамлекеттик органдардын кадр кызматтарынын кызматкерлери | 100 | 50 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
4 | Мамлекеттик финансы: - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети жана бюджеттик тутуму; - бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруунун жаңы стандарттары; - бухгалтердик эсеп 1С; - тышкы жана ички аудит; - мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу; - бюджеттик эсеп жана отчеттуулук; - мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору | Мамлекеттик органдардын финансылык бөлүнүштөрүнүн кызматчылары | 100 | 50 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
5 | Мамлекеттик башкарууну документтик камсыздоо: - мамлекеттик органдарда иш кагаздарын жүргүзүү; - документтик камсыздоону мыйзамдык жана ченемдик-методикалык жөнгө салуу; - даттануулар жана арыздар менен иштөө | Мамлекеттик органдардын адистери (башкы жетектөөчүлөрдү кошкондо) | 300 | 100 | 50 | 100 | 75 | 50 | 50 | 72 |
6 | БЖКны жогорулатуу курстары (билим, билгичтик, көндүмдөр): - кесиптик этика жана байланыш көндүмдөрү; - талдоо документтерин даярдоо; - ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, чечимдердин долбоорлорун макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү жол-жоболору; - тайм-менеджмент; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр; - маалыматтык технологияларды колдонуу | Бөлүмдөрдүн башчылары, мамлекеттик органдардын адистери (башкы жана жетектөөчү адистерди кошкондо) | 300 | 100 | 50 | 100 | 75 | 50 | 50 | 72 |
7 | Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү | Мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери жана адистери (башкы жана жетектөөчүлөрдү кошкондо) | 300 | 100 | 50 | 100 | 75 | 50 | 50 | 60 |
8 | Натыйжалуу башкаруунун көндүмдөрү: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр; - этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар; - мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн персоналдарын башкаруу; - тайм-менеджмент жана ыйгарым укуктарды берүү; - мамлекеттик саясатты талдоо, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - байланыш көндүмдөрү жана чыр-чатактарды башкаруу; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү | Мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери | 250 | 50 | 20 | 30 | 30 | 20 | 20 | 72 |
9 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун негиздери: - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик башкаруу тутуму; - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызмат тутуму; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тутуму; - мамлекеттик башкаруу органдарында иш кагаздарын жүргүзүү; - тандоо документтерин даярдоо; - кесиптик этика жана байланыш көндүмдөрү | Мамлекеттик кызматка биринчи жолу кирген мамлекеттик органдардын адистери | 50 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
10 | Стратегиялык пландоо жана персоналдарды башкаруу: - чечендик өнөрдүн негиздери; - стратегиялык пландоо; - персоналды башкаруу; - мамлекеттик саясатты талдоо жана иштеп чыгуу; - өнүктүрүү долбоорлорун жана программаларын башкаруу; - байланыш көндүмдөрү; - чыр-чатактарды башкаруу; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү | Мамлекеттик кызматтын Улуттук кадрлар резервине киргизилген адамдар | 25 |
|
|
|
|
|
| 72 |
| Жыйынтыгы: | 3425 | 1535 | 495 | 230 | 390 | 315 | 230 | 230 |
|
11 | Кыргыз Республикасындагы муниципалдык башкаруу: - жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу. Жарандык коомчулук менен өз ара аракеттенүү жана отчет берүү; - муниципалдык менчикти жана жер ресурстарын башкаруудагы жергиликтүү кеңештердин ролу; - аймактарды өнүктүрүү стратегиясы жана пландоо процессиндеги жергиликтүү кеңештердин ролу; - жергиликтүү кеңештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери; - этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар; - жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү кеңештердин төрагалары (орун басарлары) | 110 | 90 | 35 | 70 | 60 | 60 | 35 | 72 |
12 | Стратегиялык пландоо жана региондорду экономикалык көтөрүү: - муниципалдык кызматты уюштуруу жана өтөө; - Кыргыз Республикасындагы муниципалдык кызмат тутуму; - стратегиялык пландоо жана аймактарды экономикалык өнүктүрүү; - жергиликтүү бюджет жана бюджеттик процесс. Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар; - ишкердикти өнүктүрүү, инвестицияларда тартуу, жумушчу орундарын түзүү; - муниципалдык менчикти, жер ресурстарын башкаруу; - турак жай-коммуналдык чарбаны жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу; - этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар; - чыр-чатактарды башкаруу; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары | 110 | 90 | 35 | 70 | 60 | 60 | 35 | 72 |
13 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин уюштуруу: - муниципалдык кызматты өтөөнү уюштуруу; - Кыргыз Республикасындагы муниципалдык кызмат тутуму; - персоналды башкаруу боюнча заманбап кадрдык жана маалыматтык технологиялар; - этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар; - муниципалдык кызматка гендердик ыкмаларды киргизүү; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү; - байланыш көндүмдөрү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчылары | 110 | 90 | 35 | 70 | 60 | 60 | 35 | 72 |
14 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык негиздери: - жергиликтүү бюджет жана бюджеттик процесс. Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар; - финансылык менеджмент; - тышкы жана ички аудит; - бухгалтердик эсеп; - муниципалдык тапшырыктар жана мамлекеттик сатып алуулар; - жергиликтүү өнүктүрүүгө мониторинг жана статистика; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү | ФЭБдердин начальниктери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык-эко- номикалык маселелер боюнча адистери | 75 | 40 | 15 | 40 | 30 | 20 | 20 | 72 |
15 | БЖКны жогорулатуу курстары (билим, билгичтик, көндүмдөр): - кесиптик этика жана байланыш көндүмдөрү; - талдоо документтерин даярдоо; - ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу; - тайм-менеджмент; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр; - маалыматтык технологияларды колдонуу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери | 300 | 200 | 100 | 200 | 100 | 100 | 75 | 72 |
16 | Кыргыз Республикасында социалдык коргоо тутуму: - мамлекеттин социалдык саясаты; - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо тутуму; - социалдык кызмат көрсөтүүлөр; - чыр-чатактарды башкаруу; - байланыш көндүмдөрү; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык коргоо маселелери боюнча адистери | 75 | 40 | 15 | 40 | 30 | 20 | 20 | 72 |
| Жыйынтык: | 2935 | 780 | 550 | 235 | 490 | 340 | 320 | 220 |
|
| Бардыгы: | 6360 |
|
|
|
|
|
|
|
|