Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-ноябры № 452-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайларындагы адамдарга алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакетин сунуштоо долбоорун колдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр
| Ж.Оторбаев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - ИИМ), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - ССМ) жана Эл аралык Кызыл Крест Комитети (мындан ары - ЭККК), (мындан ары - Тараптар деп аталышып),
жарандардын ден соолугун коргоо жаатындагы мамилелерди колдоо жана өнүктүрүү, адам укуктарын, демократиялык принциптерди сактоо боюнча көрүлгөн аракетти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайларындагы (мындан ары - УКЖ) адамдарга алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакетин сунуштоо долбоорун колдоо боюнча Тараптардын кызматташууга кызыкдар экендигин көңүлгө алуу менен,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене. Ушул Меморандумда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
"Алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча базалык пакет" - пилоттук УКЖда камакка алынган ар бир адамды алгачкы медициналык текшерүүдөн өткөрүү, кечиктирилгис медициналык жардам берүү жана клиникалык протоколдорго ылайык аныкталган ооруларды дарылоо;
"Медициналык пункт" - алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакетин сунуштоо үчүн арналган пилоттук УКЖнын имаратындагы жай;
"Пилоттук УКЖ" - Бишкек шаарынын ИИББсындагы, Балыкчы шаарынын ШИИБсындагы, Жалал-Абад шаарынын ИИБсындагы, Кара-Суу шаарынын РИИБсындагы, Кызыл-Кыя шаарынын ШИИБсындагы УКЖлар;
"Медициналык кызматкер" - пилоттук УКЖнын медициналык кызматында иштеген тийиштүү жогорку же орто кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ адам;
"Долбоорго мониторинг жүргүзүү тобу" - Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) дарыгерлеринин жана орто медициналык персоналынын арасынан, ССМден жана ИИМден тандалып алынган Долбоорго мониторинг жүргүзүү, медициналык персоналды жеринде окутуу жана отчет берүү үчүн жооптуу жергиликтүү деңгээлдеги (облус же район) топтор;
"ТЖТ/Техникалык Жумушчу Топ" - долбоордун ишке киргизилишин жана Пилоттук долбоорго жыйынтык баалоону жүргүзүүнү контролдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ. ТЖТ мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри тарабынан аныкталат. ТЖТнын курамы ведомстволор аралык буйрук менен бекитилет.
2-берене. Максаттар жана колдонуу чөйрөсү
Бул Меморандумдун максаты пилоттук беш УКЖда кармалгандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу болуп эсептелет.
Бул Меморандум Меморандумга кол коюлган күндөн тартып он эки айдын ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын беш УКЖсында: Бишкек шаарынын ИИББсында, Балыкчы шаарынын ШИИБсында, Жалал-Абад шаарынын ИИБсында, Кара-Суу шаарынын РИИБсында, Кызыл-Кыя шаарынын ШИИБсында алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакетин сунуштоо боюнча пилоттук программага катышкан Тараптар үчүн өз ара макулдашылган шарттарды жана жол жоболорду чагылдырып турат.
Алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакети төмөнкүлөргө кепилдик берүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ооруну өз убагында аныктоо жана скрининг системасын жүргүзүүгө;
- бекитилген статистикалык отчеттуулук формасына ылайык ооруларды эсепке алуу жана каттоого;
- бекитилген клиникалык протоколдорго ылайык тиешелүү дарылоого;
- медициналык кызматкерлерди (врачтарды жана медайымдарды) практикалык көндүмдөргө окутууга;
- пилоттук беш УКЖны негизги дары-дармек каражаттары менен камсыздоого.
3-берене. Жалпы жоболор
Бул Меморандумда каралган кызматташууну ишке ашыруу жана аны андан ары өнүктүрүү максатында Тараптар жумушчу жолугушууларды уюштуруп, өкүлдөр менен өз ара алмашып, ошондой эле зарыл болгон кошумча документтерди беките алышат.
Тараптар ушул Меморандумдун аткарылышы үчүн жооптуу болгон бирден өкүлдү дайындашат.
Тараптар ушул Меморандумдун шарттарын ишке ашыруу жана аткаруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында ишти туруктуу негизде алып барат жана координациялайт.
Тараптар кошумча техникалык протоколдорду жана колдонмолорду иштеп чыгуу боюнча ишти улантуусу зарыл.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ролу
ИИМ төмөнкүлөргө жооптуу:
- Долбоорду ишке ашыруу максатында зарыл болгон ички буйруктарды жана нускамаларды чыгарууга;
- техникалык жумушчу топтун (ТЖТ) мүчөсү катары өкүлдү дайындоого;
- ар бир пилоттук УКЖда медициналык пунктту уюштуруу үчүн жай берүүгө;
- пилоттук УКЖда медициналык кызмат көрсөтүүдө медициналык кызматкердин көз карандысыздыгын камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык кароонун жана медициналык жазуулардын купуялуулугун камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коопсуздук, сактык жана купуялуулук шарттарында медициналык кызматкерлер тарабынан өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн алардын коопсуздугун жана тиешелүү иш шарттарын камсыздоого;
- пилоттук УКЖда кармалган адамдардын медициналык кызматкерлерге жеткиликтүүсүн камсыздоого;
- Мониторинг жүргүзүү тобуна Долбоордун алкагында зарыл болгон маалымат берүүгө;
- ЭККК тарабынан уюштурулуучу тренингдерге жана семинарларга ИИМ/УКЖнын кызматкерлеринин катышуусун камсыздоого;
- ар бир УКЖ үчүн мониторинг жүргүзүүнүн жергиликтүү топторуна мүчөлөрдү дайындоого;
- ССМ жана ЭККК менен бирдикте Долбоорго биргелешкен баалоо жүргүзүү жана жыйынтык отчет түзүүгө.
УКЖнын кызматкерлери медициналык ишке аралашпоого жана медициналык кызматкерлер өздөрүнүн функциялык милдеттерин аткарып жаткан мезгилде аларга тоскоолдуктарды жаратпоого тийиш.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ролу
ССМ төмөнкүлөргө жооптуу:
- зарыл болгон буйрук жана нускамаларды чыгарууга, ошондой эле Долбоорду ишке ашыруу маселеси боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга;
- техникалык жумушчу топко мүчө катары өзүнүн өкүлүн дайындоого;
- пилоттук УКЖлардагы адамдарга алгачкы медициналык-санитардык жардам берүүгө;
- Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медицина институту жана ЭККК тарабынан биргелешип уюштурулган тренингдерге жана семинарларга пилоттук УКЖларга медициналык кызмат көрсөтүп жаткан медициналык кызматкерлердин катышуусун камсыздоого;
- ар бир пилоттук УКЖда мониторинг жүргүзүүнүн жергиликтүү тобуна мүчө катары өзүнүн өкүлдөрүн дайындоого;
- Долбоордун алкагында мониторинг жүргүзүү тобуна керектүү маалыматтарды берүүгө;
- пилоттук беш УКЖда медициналык кызмат көрсөтүп жаткан медициналык кызматкерлердин отчетторун саламаттык сактоонун биринчи звеносундагы уюмдардын стандарттык жылдык отчетторуна киргизүүгө;
- Долбоорго биргелешкен баалоо жүргүзүүгө, ИИМ жана ЭККК менен биргеликте жыйынтык отчетүн түзүүгө.
Медициналык кызматкерлер өздөрүнүн функционалдык милдеттеринин чегинде гана иштөөсү зарыл жана УКЖнын ички тартиптик эрежелерин сактоого милдеттүү.
6-берене. Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин ролу
ЭККК төмөнкүлөргө жооптуу:
- УКЖларда медициналык кызмат көрсөтүп жаткан медициналык кызматкерлерге (врачтар жана медайымдар) ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү максатында, пилоттук беш УКЖнын ар биринде медпункт түзүүгө көмөк көрсөтүүгө;
- зарыл болгон медицина жабдууларын, эмерек буюмдарын, алгачкы жардам көрсөтүүчү топтомун, медициналык чыгымдоо материалдарын берүүгө;
- пилоттук УКЖнын кызматкерлери үчүн алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча тренинг уюштурууга;
- пилоттук УКЖларда медициналык жардам көрсөтүп жаткан медициналык кызматкерлерге, жабык мекемелерде ден соолукту коргоо жана чыңдоо темасындагы семинарларды өткөрүүгө;
- отчеттук маалыматтарды жыйноо үчүн медициналык кызматкерлерге шаймандарды берүүгө;
- пилоттук беш УКЖда иштөө үчүн ҮМБнын дайындалган медициналык кызматкерлерге (врач жана медайым), медициналык кызматкерлер менен түзүлгөн келишимге ылайык түз каржылоо аркылуу эмгектик маянасына үстөк акы түрүндө материалдык колдоо көрсөтүүгө;
- мониторинг жүргүзүү тобунун түзүлүшүнө жардам берүү жана анын иштешине колдоо көрсөтүүгө;
- ТЖТ жана мониторинг жүргүзүү топторунун жолугушууларына катышууга;
- ИИМ жана ССМ өкүлдөрү менен бирдикте Долбоорду баалоого жана жыйынтык отчетту түзүүгө катышууга.
ЭККК Долбоорду ишке ашыруу процессин жакшыртууга өбөлгө түзө турган зарыл болгон консультацияларды берүү жана кошумча тренингдерди уюштуруу боюнча башка Тараптардын өтүнүчтөрүн карашы мүмкүн.
7-берене. Баалоо жана отчеттуулук
Долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук процесси, ошондой эле аны баалоо Иш-аракеттер планына ылайык Тараптар жагынан жүргүзүлөт. Жыйынтык отчет Долбоорду ишке ашыруунун биринчи 12 айынын аякталышы менен Тараптардын жыйынтык жолугушуусунда сунуш кылынат.
Мониторинг жүргүзүү тобу төмөнкүлөрдү аткарат:
- пилоттук беш УКЖга дайыма барып турууну (күн сайын, жума сайын, жана ай сайын, зарылдыгына жараша);
- медициналык кызматкерлер сунуштаган алгачкы медициналык кызматтын базалык пакетинин сапатын баалоону;
- белгилеп жазылган медициналык маалыматтардын жана бардык пилоттук беш УКЖнын расмий отчетторунун негизинде камакка алынгандар менен бирдикте баалоо аркылуу камакка алынгандардын ден соолугуна Долбоордун тийгизген таасирин баалоону;
- Долбоорго тийиштүү маселелерди талкуулоо үчүн пилоттук УКЖлардын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүү жана зарыл учурда камактагылардын ден соолугунун абалына тийиштүү болгон зарыл документтерди сурап алууну;
- Долбоорго эки тепкичтүү баалоо жүргүзүүнү (биринчиси - кызмат көрсөтүү башталгандан тартып 3-6 ай өткөндөн кийин, экинчиси - Долбоордун бүтүшү боюнча 12 айдан кийин).
Мониторинг жүргүзүү тобу отчетторду ТЖТга берүүгө тийиш, ал аны бекитип, андан ары Тараптарга жиберет.
Пилоттук фазанын аякташы менен ТЖТ мониторинг жүргүзүү тобунун отчетуна негизделген жыйынтык отчетту сунуштайт.
8-берене. Каржылоо жоболору
Бул Меморандумду ишке ашыруу менен байланышкан иш-чараларды Тараптар болгон ресурстарга ылайык жана Тараптардын ар биринин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарат.
Ушул Меморандумдун 6-беренесине тиешелүү болгон бардык чыгымдардын, ошондой эле мониторинг жүргүзүү топторунун жана ТЖТ өкүлдөрүнүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн биргелешкен жумушчу сапарларына кеткен унаа чыгымдарынын ордун ЭККК толтурат.
Бардык курулуш-оңдоо иштери, берилген жабдуулар жана эмерек буюмдары Тараптар жактан кол коюлган тартуулоо Тастыктамасы менен документтештирилет.
9-берене. Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары
Долбоордун иштеши жана аткарылышы тууралуу коомчулукту маалымдоо максатындагы коомчулук менен байланыш (ар дайым өтүүчү брифингдер жана/же пресс-конференциялар) Тараптардын макулдугу менен гана өткөрүлүшү мүмкүн. Каалаган маалыматты жарыялоо жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен болгон байланыш Тараптар жактан макулдашылган алкакта ишке ашырылышы зарыл. Долбоорго байланыштуу маалымат берүү жөнүндөгү сырттан келген бардык суроо-талаптар ачык айтылуусу зарыл жана Тараптар талкуулоого тийиш.
10-берене. Меморандумдун колдонуу мөөнөтү, аны токтото туруу
Бул Меморандум Тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана 12 (он эки) айдын ичинде колдонулат жана эки жолу эки учурда тең 12 айга узартылышы мүмкүн. Эгерде Тараптардын кимиси болбосун, башка Тарапка Меморандумдун колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшүнө чейин 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө Меморандумду токтотуу жөнүндө ниетин билдирбесе, анда ушул Меморандум автоматтык түрдө кийинки мөөнөткө узартылган болуп эсептелет.
Ар бир Тарап ушул Меморандумдан чыгуу үчүн болжолдонгон күнгө чейин үч айдан кечиктирбестен өзүнүн ниети жөнүндө башка Тараптарга жазуу жүзүндө билдирүү менен ушул Меморандумдан чыгууга укуктуу.
11-берене. Өзгөртүүлөрдү киргизүү, пикир келишпестиктерди чечүү
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө Протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Меморандумга киргизилиши мүмкүн.
Бул Меморандумдун жоболорун колдонуу же чечмелөө боюнча Тараптар ортосундагы талаштар жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жана консультациялардын предмети болуп эсептелет.
Бул Меморандумдун жоболору Тараптардын башка көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашууларына карата Тараптардын милдеттенмелерине таасир этиши керек.
2013-жылдын "__" _______________ Бишкек шаарында кыргыз, орус жана англис тилдеринде үч түп нускада түзүлдү. Бардык үч текст тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн ___________________________________ 2013-ж. "__" ________________________ |
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн ___________________________________ 2013-ж. "__" ________________________ |
Эл аралык Кызыл Крест Комитети үчүн ___________________________________ 2013-ж. "__" ________________________ |
|
|