КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 15-ноябры № 454-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен Казакстан Республикасынын "Сырбар" Тышкы чалгындоо кызматынын ортосундагы Кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ж.Оторбаев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен Казакстан Республикасынын "Сырбар" Тышкы чалгындоо кызматынын ортосундагы Кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Казакстан Республикасынын "Сырбар" Тышкы чалгындоо кызматы мындан ары тараптар деп аталып,
өз мамлекеттеринин коопсуздугун жана улуттук кызыкчылыктарын камсыздоодо эки тарапка пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү ниетин жетекчиликке алып,
эки Тарап үчүн кызыкчылык туудурган маселелер боюнча маалымат алмашууда өз ара кызыкчылыктарына негизделип,
Тараптардын ортосунда мамилелерди жөнгө салуу зарылчылыгына жараша,
өз компетенциясынын чегинде жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык аракеттенип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук кызыкчылыктарын коргоону жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чалгындоо ишинин ар түрдүү багыттары боюнча кызматташууну уюштурат.
2-берене.
Тараптар үчүнчү өлкөлөрдө Тараптардын мамлекеттеринин дипломатиялык жана ага теңдештирилген өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле консулдук мекемелердин, алардын кызматкерлеринин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдө жүргөн жана мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтар менен таанышуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жарандарынын жана алар менен бирге болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн деңгээлинде кызматташат.
3-берене.
Тараптар оперативдүү эсепке алууларда, маалымат тутумдарында жана архивдерде камтылган маалыматтар менен, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин маалыматы, ченемдик укуктук актылардын тексттери жана башка мыйзамдары менен жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын талаптарына жана алардын мамлекеттери катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык алмашууну жүзөгө ашырат.
4-берене.
Тараптар өз ара келишүү боюнча автоматташтырылган маалымат тутумдарын түзүү жана пайдалануу, алардагы маалыматтарды иштеп чыгуу жана коргоо чөйрөсүндөгү технологиялар жөнүндө маалыматтарды алмашат, ошондой эле бул маселелер боюнча бири-бирине консультациялык жана практикалык жардам көрсөтөт.
5-берене.
Маалымат алмашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык байланыштын техникалык каражаттарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
6-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик сырларын түзгөн маалыматтарды коргоону жана өткөрүп берүүнү 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырат.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана (же) Казакстан Республикасынын мамлекеттик сырларына тийиштүү болбогон, бирок Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин улуттук мыйзамдарына ылайык аны таратууга жана аны билүүгө чек коюлган маалыматты коргоону жана өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат. Мындай маалыматты жайылтууга жана ага кирүүгө чек коюу жиберүүчү Тарап тарабынан аталган маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдө же анын коштомо документинде көрсөтүлөт.
Кызматташуу процессинде алынган бардык маалыматты мындай маалыматты берген Тараптын макулдугусуз үчүнчү тарапка өткөрүп берүүгө болбойт.
7-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана (же) Казакстан Республикасынын мамлекеттик сырларына кирген маалыматтарды коргоону жана берүүнү төмөнкү Өтө жашыруун жана жашыруун маалыматтардын тизмеси боюнча жүзөгө ашырат (мындан ары - Тизме):
"Өтө жашыруун" жашыруундук даражасына ээ болгон маалыматтар:
- Тараптардын чалгындоо органдарынын кадрдык курамына тиешелүүлүгүн көрсөткөн маалыматтар;
- чалгындоо ишинде Тараптарга купуя көмөк көрсөтүүчү (көмөк көрсөткөн) адамдар тууралуу маалыматтар;
- биргелешип өткөрүлүүчү оперативдүү иш-чаралардын планын, мазмунун же жыйынтыктарын ачыкка чыгарган маалыматтар;
- ишеним тартипте алынган жана аларды ачыкка чыгаруу Тараптарга купуя көмөк көрсөтүп жаткан булактын ачыкка чыгуусуна алып келе турган саясий, финансы-экономикалык, аскердик-саясий, илимий-техникалык, гуманитардык жана экологиялык маселелер боюнча маалыматтар;
"Жашыруун" жашыруундук даражасына ээ болгон маалыматтар:
- экинчи Тараптын мамлекетине багытталган террордук жана диний-экстремисттик мүнөздөгү уюмдардын, кылмыштуу топтордун жана айрым адамдардын мыйзамга каршы аракеттери жөнүндө маалыматтар;
- саясий жана экономикалык мүнөздөгү, региондук жана эл аралык маанидеги актуалдуу окуялар жана процесстер жөнүндө маалыматтар.
Маалымат алмашуунун айкын темалары Тараптардын маалыматтык муктаждыгына жана оперативдүү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аныкталат жана расмий кат алышууда же ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн расмий жана жумушчу жолугушууларында макулдашылат.
Маалымат берүүчү Тарап мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды алып жүрүүчүдө төмөнкү маалыматтарды камтыган реквизиттерди жазат:
- Тизмеге ылайык маалымат алып жүрүүчүдө камтылган жашыруундук даражасы;
- маалымат алып жүрүүчүнүн купуялуулугун жүзөгө ашырган Тараптын реквизиттери;
- Тарап берип жаткан документтин каттоо номери;
- маалыматтын жашыруун белгиси алына турган күнү же шарты же окуя болгондон кийин жашыруун белгиси алына турган маалымат.
Мындай реквизиттерди мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды алып жүрүүчүдө жазууга мүмкүн болбогон учурда мындай маалыматтар коштоочу документте көрсөтүлөт.
8-берене.
Кызматташуунун жүрүшүндө алынган маалыматты ачыкка чыгаргандыгы же үчүнчү тарапка бергендиги үчүн жоопкерчиликти буга тиешеси бар, мындай маалыматты алган Тараптын адамы ал Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык тартат.
Тараптар Тараптардын мамлекетинин мамлекеттик сырын түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруунун же жоготуунун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенишет. Зыяндын өлчөмү бул зыян келтирилген Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык аныкталат.
9-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана (же) Казакстан Республикасынын мамлекеттик сырларына кирбеген, бирок ар бир Тараптын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык аны жайылтууга жана билүүгө чек коюлган маалыматтарды коргоону жана берүүнү жүзөгө ашырат. Мындай маалыматты жайылтууну жана билүүнү чектөө мындай маалыматты камтыган маалымат алып жүрүүчүдө же анын коштоочу документинде жиберүүчү Тарап тарабынан көрсөтүлөт.
10-берене.
Тараптар өз ара кызыгууну туудурган маселелерди талкуулоо үчүн эксперттердин консультациясын өткөрүшөт.
Кабыл алып жаткан Тарап эксперттердин алдында турган милдеттерди натыйжалуу жана ыкчам чечүү үчүн шарттарды түзөт, анын ичинде транспорт жана байланыш каражаттарын берет.
11-берене.
Тараптар бул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча чыгымдарды өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык улуттук бюджеттерде каралган каражаттардын эсебинен жана алардын чегинде тартышат.
12-берене.
Бул Макулдашуу алардын мамлекеттери катышуучу болгон башка эл аралык келишимдер боюнча Тараптардын милдеттенмелерин козгобойт.
13-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана бул Макулдашуунун 14-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирген өзүнчө протокол менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
14-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Бул Макулдашууну колдонуу Тараптардын бири аны колдонууну токтотуу жөнүндө башка Тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн беш жылдык мезгил аяктаганга чейин 6 ай мурда дипломатиялык каналдар боюнча алмайынча, кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
Макулдашуу __________ шаарында _____-жылдын ________ эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети үчүн |
| Казакстан Республикасынын "Сырбар" Тышкы чалгындоо кызматы үчүн |