Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 16-ноябры № 455-б
1. Ушул буйруктун 1-тиркемесинде келтирилген Тизмекке ылайык 2013-жылдын 19-20-ноябрында Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ж.Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 455-б буйругуна 1-тиркеме |
1. 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоонун эрежеси жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору.
2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин улуттук чарбакер субъекттеринин бириккен финансылык отчеттуулугу жөнүндө макулдашуунун долбоору.
3. 1992-жылдын 14-февралындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Электр энергетика жаатындагы мамлекеттер аралык мамилелерди координациялоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору.
4. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун долбоору.
5. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатында жетишкендиктери үчүн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Сыйлыгын алуу боюнча конкурс жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимдин долбоору.
6. 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Көргөзмө-жарманкени жана конгресстик иштерди өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору.
7. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 1979-1989-жылдары Афганистандагы согуштун мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларына издөө салууну, көмүлгөн жерлерин издөөнү, сөөгүн эксгумациялоону, идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө чечимдин долбоору.
8. КМШ органдарынын жетекчилеринин, кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу эмгек акысын төлөө маселелерин жөнгө салуучу КМШнын ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 455-б буйругуна 2-тиркеме |
Расмий делегация: | ||
Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Муралиев Алтынбек Амангелдиевич(*), (***) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Исаков Бактыбек Ырысбаевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Мамыров Раимбек Сатыкулович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Жунусов Болот Төлөгөнович | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; |
Клименко Илья Петрович | - | КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү. |
Коштоочу адамдар: | ||
Базарбаев Таалай Чолпонбекович(*), (**) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин протоколунун жетекчиси; |
Эржигитов Мелисбек Каныбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы; |
Саткыналиев Каныбек Ташболотович(*), (****) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы; |
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна(*), (***) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Төлөнов Расул Арапбаевич(*), (***) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн референти; |
Айльчиев Сабыр Сагынбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке фотографы; |
Деркенбаев Алтынбек Шамирович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке оператору; |
Алманбетов Азамат Шарипович(*), (**) | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын протоколдук иш-чаралар бөлүмүнүн референти; |
Мукашев Болотбек Бейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин директору; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги; |
Насиров Эдуард Кашкаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин кеңешчиси; |
Кошонов Рустам Анарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинин биринчи катчысы; |
Ажиматова Чолпонай Абдисаматовна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин экинчи катчысы; |
Урматов Ренат Урматович | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин үчүнчү катчысы. |
Күзөт: | ||
Дайрабаев Кумар Үсөналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкы башкармалыгынын кызматкери; |
Кокоев Бактыбек Нурадилович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкы башкармалыгынын кызматкери; |
Ибраев Нурбек Эрмекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкы башкармалыгынын кызматкери. |
Эскертүү:
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет;
(**) - 2013-жылдын 13-20-ноябрында Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына командировкага жиберилет;
(***) - 2013-жылдын 17-20-ноябрында Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына командировкага жиберилет;
(****) - 2013-жылдын 18-ноябрынан тартып Россия Федерациясынын Москва шаарына, андан ары 2013-жылдын 19-20-ноябрында Санкт-Петербург шаарына командировкага жиберилет.