КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 16-ноябры № 458-б
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин ортосундагы Энергетика жана өнөр жай жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ж.Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин ортосундагы Энергетика жана өнөр жай жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлиги (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу),
Тараптардын өлкөлөрүнүн ортосунда орногон достук жана кызматташтык мамилелерин көңүлгө алуу менен, ошондой эле бири бирине болгон өз ара урматтоонун негизинде, Тараптардын ортосундагы энергетика жана өнөр жай жаатында өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн,
достук кеңеш берүү жолу менен төмөндөгүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишишти:
1-берене.
Тараптар теңдиктин, өз ара пайданын жана тең үзүрдүүлүктүн негизинде энергетика жана өнөр жай жаатында (көмүр суутектүү отун, гидроэнергетика, энергиянын кайра калыбына келүүчү булактары, өнөр жай ресурстарын, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өздөштүрүү) ар тараптуу кызматташуу мамилелерин өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөк көрсөтүшөт.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө бул Меморандум эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарынын алкагында ишке ашырылат.
2-берене.
Тараптар төмөндөгү багыттарда кызматташуу мүмкүндүгүн кароого даярдыгын билдиришти:
- энергетика жана өнөр жай жаатында өнүктүрүүгө, пайдаланууга жана соодага көмөк көрсөтүү;
- кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бул Меморандум камтыган кызматташтыктын ошол жаатындагы пилоттук жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- энергетика жана өнөр жай жаатында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо;
- энергетика жана өнөр жай жаатындагы биргелешкен изилдөөлөрдү жана окууларды жүргүзүүдө маалымат, билим, тажрыйба алмашууга жана техникалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү;
- энергетикалык жана өнөр жай ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн жаңы технологияларды киргизүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- Тараптар биргелешип ишке ашыруучу, колдонуудагы макулдашууларды кеңейтүүгө багытталган кызматташтыктын бардык башка тармагы.
3-берене.
Бул Меморандумдун алкагында кызматташууну координациялоо үчүн Тараптар Тараптардын өкүлдөрүнүн жана кызыкдар уюмдардын катышуусу менен биргелешкен жумушчу топту түзүшөт.
Биргелешкен жумушчу топ бирге ишке ашыруу үчүн потенциалдуу долбоорлорду аныктайт, энергетика жана өнөр жай жаатындагы иштин багыттары боюнча кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн комплекстүү узак мөөнөттөгү программаларын иштеп чыгат.
Биргелешкен жумушчу топ зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес, эки өлкөдө кезектешип жолугушат жана зарылчылыкка жараша Тараптарга кызматташтык жаатында өз иштеринин жыйынтыктары жөнүндө баяндап турушат.
4-берене.
Тараптардын ар бири бул Меморандумдун же бул Меморандумга ылайык түзүлгөн башка макулдашуулардын алкагында башка тараптардан түз же кыйыр алынган документтердин, маалыматтык жана башка дайындардын купуялуулугун жана жашыруундугун сактоого милдеттенет.
5-берене.
Бул Меморандумду чечмелөө же колдонуу менен байланыштуу келип чыккан пикир келишпестиктердин баары Тараптардын ортосундагы өз ара түшүнүү жана өз эрки менен кеңешүү аркылуу чечилет.
6-берене.
Бул Меморандумга Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча толуктоолор же өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мындай оңдоо киргизүү бул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
7-берене.
Бул Меморандум эч кандай укуктук милдеттенмелерге ээ эмес.
Бул Меморандум 3 жылга түзүлөт жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптардын ар бири бул Меморандумдан чыгуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка үч айдан кеч эмес жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү аркылуу бул Меморандумдан мөөнөтүнөн мурда чыга алат.
Сеул шаарында 2013-жылдын "__" _____ төрт түп нускада, ар бири кыргыз, корей, орус жана англис тилдеринде кол коюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Меморандумду чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги үчүн ________________________ Артыкбаев Осмонбек |
| Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлиги үчүн ________________________ Юн Санг-Джик |