Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 21-ноябры № 459-б
Кыргыз ССРинин эл артисти, РСФСРдин эл артисти, кыргыз улуттук музыкалык маданиятынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон композитор Владимир Александрович Власовдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен:
1. Мааракелик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 459-б буйругуна тиркеме |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев Султан Акимович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Акназарова Роза Корчубековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Өмүркулов Иса Шейшенкулович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдыевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Крутько Андрей Андреевич | - | Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (макулдашуу боюнча); |
Саламатов Тимур Сагынбаевич | - | А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору; |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - | Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору; |
Бегалиев Муратбек Акимович | - | К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору; |
Осмоналиев Рахатбек Муталипович | - | А.Жумахматов атындагы кыргыз академиялык симфониялык оркестринин башкы дирижеру; |
Чокиев Турдубек Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы; |
Шайырбек Абдырахман уулу | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР - коомдук телеберүү" компаниясынын директору (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - | "Слово Кыргызстана" Басма үйүнүн башкы редактору; |
Зенько Алексей Петрович | - | Кыргыз Республикасындагы Роскызматташтыгынын өкүлчүлүгүнүн өкүлү (макулдашуу боюнча). |