Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-ноябры № 446-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөту женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык элдердин ортосундагы этностор аралык байланышты чындоого багытталган иш-чараларды өткөрүү максатында:
1. "Алтын өрөөн" достук фестивалын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитета бир жумалык мөөнөттө "Алтын өрөөн" достук фестивалын 2013-жылдын ноябрында даярдоо жана өткөрүү боюнча планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. "Алтын өрөөн" достук фестивалын өткөрүүгө Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200 (эки жүз) миң сом бөлүнсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2013-жылдын "11" ноябрындагы № 446-6 буйругуна тиркеме |
Талиева К.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер- министри, уюштуруу комитетинин терагасы;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Разаков Ж.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Абдрахман уулу Шайырбек - Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР -коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
Боромбаев P.M. - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборунун башкы директору;
Касиев Н.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Мадумаров А.К. - Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы -аким;
Молдобаев Д.М. - Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору;
Садыбакасова Г.С. ө Р.Абдыкадьф ОВ атындагы Ош облустук филармониясынын директору;
Султанбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
Токтоматов Б.А. - Бабур атындагы Ош облустук өзбек академиялык музыкалык-драма театрынын директору.