Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-декабры № 475-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүү жана Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүү жана Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуунун долбоорун даярдоо жана кол коюу боюнча ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия Евразия өнүктүрүү банкы берген Макулдашуунун долбоорун үч күндүн ичинде изилдесин жана сунуштарын берсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы сүйлөшүүнүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө, агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 475-б буйругуна тиркеме |
Узакбаев Чынгысбек Макишович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Осмоналиев Айбек Шермамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; |
Асрандиев Эркин Шамшудинович | - | "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |